Мүлк салыгын төлөп жетишиңиз. Салык органдары 31-августта дагы иштейт

© Sputnik / Табылды КадырбековСом купюралары. Архивдик сүрөт
Сом купюралары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы кыргызстандыктарды транспорт, турак жай, батир жана жер тилке үчүн салыкты 1-сентябрга чейин төлөө керектигин эскертти.
Өлкөнүн салык органдары эртең, 31-август, майрам күн экенине карабай иштейт.
Ыңгайлуулук үчүн төлөөнүн ар кандай ыкмалары бар: банктардын кассалары, почта бөлүмдөрү, төлөм жана POS-терминалдар, интернет-банкинг, мобилдик капчыктар жана төлөм карталары.
Бишкектеги Тез жардам кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2023
Бишкекте коомдук транспорт тилкесине кызматтык унааларды да киргизүү каралууда
Жаңылыктар түрмөгү
0