Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Украиналык пилотсуз аппараттардын Россиянын шаарларына чабуулу күчөдү

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүү"Пантсир-С" зениттик-ракеталык комплекси. Архивдик сүрөт
Пантсир-С зениттик-ракеталык комплекси. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2023
Жазылуу
Биринин артынан экинчиси жасалган кол салуудан оор жоготуулар болгон эмес.
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Акыркы суткада Россиянын аймактарына украиналык Куралдуу күчтөр тарабынан пилотсуз учактар бир нече чабуул жасап, бир катарларынын мизи кайтарылган. Ал эми Псков облусунда Ил-76 аскердик-транспорттук учактар күйгөнүн РИА Новости жазды.
"29-августта саат 23.28де Псковдо Ил-76 үлгүсүндөгү аскердик-транспорттук аба кемелеринин күйгөнү тууралуу маалымат түшкөн", — деп айтылган маалыматта.
Тилсиз жоону өчүрүү жана башка кырсыктардын болуп кетишине жол бербөө үчүн 65 киши 21 техника менен иштеген. Региондун жетекчиси Михаил Ведерников мурдараак дрондун чабуулунун мизи кайтарылганы, башкысы адам өмүрүнө зыян келбегендигин билдирген.
РФтин Коргоо министрлиги саат таңкы төрттөргө чукул абадан кол салуудан коргогон система Рязань облусунун үстүнөн пилотсуз учакты атып түшүргөндүгүн билдирди. Аталган ведомство мурдараак түнкү саат 2.30дарда да аталган аймактан дрон жок кылынгандыгын кабарлаган.
Москванын мэри Сергей Собянин Борбордук федералдык округда дрондордун массалык чабуулу болуп, алардын бири Подмосковьедеги Руза шаардык округунун үстүнөн жок кылынгандыгын өзүнүн Telegram-каналына жазган.
Москвага багыт алган дронду жеткирбей, жолдон атып түшүрүшкөн.
"Алдын ала берилген маалыматтарда жабыркагандар жок. Ыкчам кызматтар жеринде иштеп жатат", — деген Собянин.
РФтин коргоо министри саат 01.45 чамасында Брянск облусунда Украинанын үч, Орловдо бир (ал эми регионун жетекчиси эки деген санды айткан) пилотсуз аппараты жок кылынгандыгын кабарлаган.
Москвага пилотсуз учуучу аппаратынын Москва-Ситинин аймагына кулаганынын кесепети - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиялык аскерлер украин дрондорунун Москвага чабуул жасоо аракетин токтотту
Жаңылыктар түрмөгү
0