Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Байден Украинадагы жаңжалды эмнеге созуп жатканын ЦРУнун экс-кеңешчиси айтты

© AP Photo / Evan VucciАКШнын президенти Жо Байден
АКШнын президенти Жо Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2023
Жазылуу
Эксперттин айтымында, Украинанын жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү жок, анткен менен чыр-чатак дагы ырбай берет.
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. АКШнын президенти Жозеф Байдендин администрациясы Украинадагы жаңжалды 2024-жылдагы шайлоого чейин созгонго аракет кылат, бул өлкө башчынын кайра бийликке келүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Мындай пикирин ЦРУнун мурдагы кеңешчиси Жейс Рикардс билдиргенин The Daily Reckoning басылмасы жазды.
Анын айтымында, Украинанын жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү жок, анткен менен чыр-чатак дагы ырбай берет.
"Байдендин командасы жеңилүүнү моюнга алгысы келбей жатат. Алар Байдендин шайлоодо мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу үчүн чыр-чатакты улантууну каалашат. Байден болсо 2021-жылы афгандыктарды таштап салгандай эле украиналыктарды да ара жолдо калтырат", — деп эсептейт Рикардс.
Эксперт жаңжалда Россия чечкиндүү түрдө жеңишке жетип келе жатканын, Батыштын Киевдеги курал-жарагы РФтин аскердик техникасы менен тең келе албай талкаланып жатканын айткан.
Адис кошумчалагандай, согушта каза тапкан украиналыктардын саны 200 миңден ашат.
Украина президенти Владимир Зеленский жана АКШ башчысы Жо Байден. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский АКШнын коопсуздук кепилдиги туурасында айтып берди
Жаңылыктар түрмөгү
0