Бир келген тарыхый шансты колдон чыгарбайлы! Жапаровдун куттуктоосу

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен Ош шаарынан куттуктады
Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен Ош шаарынан куттуктады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2023
Жазылуу
Мамлекет башчы Кыргызстандын 7 миллион калкы 70 миллионго жетишин каалады.
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен Ош шаарынан куттуктады.
Ал бүгүн Сулайман-Тоонун этегиндеги Алымбек датка атындагы реконструкцияланган жана көрктөндүрүлгөн сейил багында бийиктиги 60 метр болгон мамлекеттик тууну көтөрүү аземине катышкан. Андан соң куттуктоо сөзүн айтты.
“Кыргызстандын экинчи борбору атыккан, Сулайман тоосу, Ак-Буура дарыясы менен белгилүү болгон кадимки Улуу Жибек жолунун боюндагы кереметтүү Ош шаарынан куттуктап, сыймыктанып турам. Ылайым, түндүгүн күн нуру чайыган кызыл желегибиз ар дайым желбиреп турсун, туубуз жыгылбасын, асманыбыз ачык, жергебизде тынчтык болсун! Майрамыбыз кут болсун!” — деди президент.
Аны менен катар мамлекет башчы элди бир келген тарыхый мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоого чакырды.
“Өнүккөн өлкө куруу өзүбүздүн колубузда. Бизде бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Мындай артыкчылыктарды колдон чыгарбай тарых жаратып калуу улам боло бербей турган тарыхый шанс. Шансты кетирбейли, өлкөнүн жаратылыш ресурстары, адам ресурстарын туура, сарамжал, астейдил колдонолу”, — деди Жапаров.
Ошондой эле ал кыргызстандыктар бөөдө кырсыктан сырткары болуп көбөйө беришин, 7 миллион калк 70 миллионго жетишин каалады.
Куттуктоонун толук тексти президенттин сайтына жайгаштырылган.
Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин кантип бутуна турду? Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2023
Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин кантип бутуна турду? Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0