Садыр Жапаров "Барса" менен беттеште оюндан эмнеге эрте чыгып кеткенин айтты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров менен "Барсанын" легендасы Карлес Пуйоль Бишкектеги футбол беттешинде
Президент Садыр Жапаров менен Барсанын легендасы Карлес Пуйоль Бишкектеги футбол беттешинде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2023
Жазылуу
Өлкө башчы футболду жаштарга үлгү болуу, спортту жайылтуу үчүн ойноп келерин белгиледи.
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Садыр Жапаров "Кабар" агенттигиндеги маегинде 30-август күнү "Барселонанын" мурдагы оюнчулары менен болгон беттеште биринчи таймдын орто ченинде эмнеге талаадан чыгып кеткенин айтып берди.
Журналист өлкө башчыга "чарчап калдыңызбы же башка себеби барбы?" деген суроону узаткан.
"Жок, чарчаган жокмун. Эки таймды тең аягына чейин ойносом деле чарчамак эмесмин. Чыгып кеткенимдин себеби мени Пуйолго кайтартып коюшуптур. Оюнду байкасаңар жанымдан чыкпай койду. Анысы аз келгенсип чабуулга өтөрдө билектен бекем кармап алды. "Э-э-эй жигит, кармабай ойно" деп күлүп кайрылсам, "sorry, sorry" (кечиресиз) деп күлүп коёт. Кайра эле кармап алат. Кыскасы, "Барселонанын" балдары жолдоштук беттешүүдө эмес, кадимки чемпионаттарда ойноп жаткандай, аябай чоң жоопкерчилик менен ойношту. Анан элестетиңиз, футболдун легендасы, менден 10 жаш кичүү жаш бала болсо мени ойнотмок беле? Ошон үчүн менин ордума жаш балдар кирсин, бир аз да болсо командага күч кошот деген ой менен эле чыгып, жаш балдарды киргиздик. Бирок баары бир "Барселона" деген "Барселона" да, 3:0 менен утулдук. Дагы жакшы баскетболдук эсеп менен жеңилген жокпуз", — деди Жапаров.
Ал ошондой эле "президент футбол эле ойноп жүрөт" деген сындарга дагы жооп кайтарган.
"Кыргызда "жыргаганымдан жылкычы болуптурмунбу" деген сөз бар. Анын сыңарындай, күндө эле футбол ойноп жүрөт дейсиңерби. Убакытым да жок. Бир жылда эки күн ойнойт экенбиз. Май жана декабрь айында министрликтер арасында "Мурас" аттуу футболдук турнир өтөт. Эмне үчүн бул турнирди уюштурдук? Жаштарга үлгү бололу дедик. Баңгиликке кирип кетпей, жаман иштерге барбай, керээли-кечке компьютерде отурбай спортко кызыксын дедик. Кары-жашыбыз дебей, баарыбыз жаштарды спортко үндөйлү. Мени сындап жаткандарга да кайрылам. Интернеттин артында күнү-түнү олтурбай спортко баргыла. Ошол пайдалуураак болот. Пайдасынан башка спорттун эч кимге зыяны жок", — деди Жапаров.
Ал ден соолугу таза улут болсо, ден соолугу таза өлкө болорун кошумчалады.
Кыргызстан мамлекет башчысы Садыр Жапаров жана Россиянын президенти Владимир Путин. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2023
1-сентябрда Жапаров менен Путин россиялык үч мектептин курулушуна старт берет
Жаңылыктар түрмөгү
0