Жаан-чачындуу болот. Келерки жумага карата Кыргызстан боюнча аба ырайы

© AFP / KIRILL KUDRYAVTSEVЖамгыр учурунда кол чатыр кармаган аял. Архив
Жамгыр учурунда кол чатыр кармаган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2023
Жазылуу
4-сентябрда көпчүлүк жерлерде 15-20 метрге жеткен шамал болушу күтүлүүдө.
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан жумада өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
3-сентябрдан 9-сентябрга чейинки божомолдо көпчүлүк аймактарда жаан-чачын жаай турганын байкоого болот.
Борбор калаада 4 жана 7-сентябрда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы 28 градуска чейин жылуу болот.

Чүй

3-4-5-сентябрда тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 6-сентябрда күн ачык болот. Ал эми 7-сентябрдан кайрадан жаан-чачын болушу мүмкүн.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 4-сентябрда күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Талас

3-сентябрда күн ачык болот. Анын эртеси көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. 5-8-сентябрда кайрадан күн ачылып, 9-сентябрда айрым жерлерде жаан жаашы мүмкүн.

Ош, Жалал-Абад

Апта ичи жаандуу болуп, 6-сентябрда гана күндүн көзү көрүнөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 4-сентябрда күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Баткен

Келерки жума жаан-чачындуу башталат. Бирок 5-8-сентябрда күн ачылып, 9-сентябрда тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Ысык-Көл, Нарын

Эки аймакта тең жаан жаашы күтүлүүдө, болгону 6-сентябрда Нарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 4-сентябрда күндүз айрым жерлерде жана 5-сентябрда түнкүсүн акваторияда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Тогуз коргоол - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2023
Эл башкарар жигиттердин баш терисин байкап... Тогуз коргоол боюнча инфографика
Жаңылыктар түрмөгү
0