Эксперт: нефть баасынын чегин кайра кароо санкциялардын ишке ашпаганын билдирет

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүРоссиядагы мунай бургулоочу. Архив
Россиядагы мунай бургулоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2023
Жазылуу
Россиянын Urals үлгүсүндөгү мунайынын баррели июлда 60 доллардан ашты.
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Батыш өлкөлөрү Россия нефтисине бааны чектеп, аны кайра кароо мүмкүн экенин айткан маалда Urals наркы түшүп кетет деп болжолдошкон. Бирок андай болбоду, эми азыркы кырдаалда бааны өзгөртүү идеясын талкуулоонун өзү санкциялардын ишке ашпаганынан кабар берет. Бул тууралуу "РусЭнергоПроект" компаниясынын директору Максим Канищев билдиргенин РИА Новости жазды.
Буга чейин ЖМКлар G7 өлкөлөрү өткөн жылдын декабрында күчүнө кирген баанын чегин жакын арада карабай турганын жазып, ошол эле учурда союздаштар эки айда бир жолу баанын чегине сереп салып турууга макулдашканын, бирок марттан бери эч кандай талкуу болбогонун эскертишкен.
"Баага чек коюу эч кандай натыйжа берген жок. Юридикалык жактан баа өзгөргөн сайын чек да өзгөрмөк, бирок Батыш түпкүрүндө Россия энергоресурстарын коюлган чектен жогорулатпай сатууга макул болгондон кийин кысымды күчөтүп, баа ылдыйлай берет деп ойлогон. Бул ишке ашкан жок", — деди Канищев.
Анын айтымында, эми азыркы кырдаалда баанын чегин өзгөртүүнүн мааниси жоголду. Эксперт бул идеянын өзүн кеп кылуу Батыштын санкциялык саясаты кыйроого кабылганын түшүндүрөрүн белгиледи.
"Андыктан баанын чеги кайра каралбайт. Биз бул тепкичтен өттүк", — деди Канищев.
Эскерте кетсек, 5-декабрдан тарта Евробиримдик деңиз аркылуу келген россиялык мунайды алууну токтоткон. "Чоң жетилик", Австралия жана ЕБ нефть баасына чек киргизип, баррелин 60 доллар деп бекиткен, мындан жогорку баада сатууга тыюу салынган. Брюсселде Евробиримдик баанын чегин ар эки ай сайын карап, алымча-кошумча киргизип турарын айтышкан.
Россиянын Urals үлгүсүндөгү мунайынын баррели июлда 60 доллардан ашты. РФ Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, баррели 64,37 долларга бааланып, ал эми Brent мунайына дисконт 15,7 долларды түзгөн. Августта 74 долларга чыгып, арзандатуу 13 доллардан ылдыйлаган.
Сууда эрүүчү жана гранулдуу жер семирткичтерди чыгаруучу заводунун аймагындагы жумушчу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2023
Пайданы демократиядан өйдө көрүп... Европа Россия менен сооданы кеңейтүүдө
Жаңылыктар түрмөгү
0