"Тазалык" карызы бар бишкектиктерди "жазаламай" болду

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Тазалык" муниципалдык ишканасын кызматкери. Архив
Тазалык муниципалдык ишканасын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2023
Жазылуу
Абоненттердин карызынан улам ишкана кызматкерлеринин айлыктары кечиктирилип, техника өз убагында оңдолбой келет.
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Бишкек шаарынын жашоочулары "Тазалык" муниципалдык ишканасына 185 миллион сом карыз. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Билдирмеге ылайык, абоненттердин карызынан улам ишкана кызматкерлеринин айлыктары кечиктирилип, техника өз убагында оңдолбой келет.
Буга байланыштуу "Тазалык" муниципалдык ишканасы бир жылдан ашык убакыттан бери акча төлөбөй жүргөн жашоочулардын үйлөрүнө атайын чаптамаларды (наклейкаларды) чаптоону сунуштоодо.
Тазалык муниципалдык ишканасынын директору Рамиз Алиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2023
Радио
Алиев: "Тазалыктын" техникасын чүпүрөк калдыктары менен күл талкалоодо
Жаңылыктар түрмөгү
0