Ким Чен Ындын поезди Россияга келди

© Фото / пресс-служба губернатора Приморского края / Медиабанкка өтүүТүндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2023
Жазылуу
Кореянын улуттук маалымат агенттиги Ким Чен Ындын Россияга жөнөп кеткен салтанаттагы сүрөттөрүн жарыялаган.
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын түшкөн сооттолгон поезд Приморье крайына келип, Россиянын аймагына кирди. Бул туурасында РИА Новостинин кабарчысы билдирди.
Ыраакы Чыгыштын убактысы боюнча саат 12:15те сары тилкелери бар брондолгон жашыл поезд Раздольная дарыясындагы көпүрөнү кесип өтүп, түндүктү көздөй багыт алган.
Мындан бир аз мурдараак чек арага жакын жайгашкан Хасан аймактык администрациясынын өкүлү РИА Новостиге Корея лидеринин поезди Хасан станциясынан өткөндүгүн, бирок Россиянын чек арасына саат канчада киргендигин так билдире албастыгын айткан.
Кремль мурдараак Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын Россия президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен РФке келерин билдирген эле.
Шейшемби күнү эртең менен ЦТАК агенттиги Ким Чен Ындын Россияга жөнөп кеткен салтанаттагы сүрөттөрүн жарыялаган. РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Ыраакы Чыгышта сүйлөшүү болорун кабарлап, бирок кайсы жерде өтөрүн так билдирген эмес.
Россиянын Коргоо министри Сергей Шойгунун Түндүк Кореяга иш сапары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2023
Ким Чен Ын Шойгуга АКШныкына окшогон жаңы пилотсуз учактарды көрсөттү. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0