Ким Чен Ын: Түндүк Корея империализмге каршы турууда дайым Россия менен болот

© POOL / Медиабанкка өтүүТүндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын РФ лидери Владимир Путин менен болгон жолугушууда
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын РФ лидери Владимир Путин менен болгон жолугушууда  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.09.2023
Жазылуу
Ким Чен Ын президент Путин менен Россия өкмөтүнүн чечимдерин колдой турганын айтты.
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын РФ лидери Владимир Путин менен болгон жолугушууда Пхеньян Москванын бардык чечимдерин колдой турганын жана мындан ары эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө ниеткер экенин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Эске салсак, Ким Чен Ын Россияга Путиндин чакыруусу менен кечээ, 12-сентябрь күнү, келген. Бүгүн "Восточный" космодромунан Ким Чен Ынды Путин өзү тосуп алды. Жолугушуу учурунда ал чакыруу үчүн ыраазычылык билдирген.
"Биз мындан ары дагы мамилелерди өнүктүрүүнү каалайбыз (Россия менен — ред.). Биз президент Путин менен Россия өкмөтүнүн чечимдерин ар дайым колдоп келгенбиз жана мындан ары да колдой беребиз", — деди Ким Чен Ын.
Ал ошондой эле Россия менен Түндүк Корея ар дайым империализмге чогуу каршы туруп, суверендүү мамлекет курууну жактай турганына үмүт артарын кошумчалады.
Ал эми Путин өз кезегинде жолугушуу Россия менен Түндүк Кореянын ортосундагы дипломатиялык мамиле түзүлгөнүнө 75 жыл толгон маалда өтүп жатканын белгиледи.
"КЭДРди биздин өлкө биринчи болуп тааныган", — деди РФ лидери.
Россиянын Коргоо министри Сергей Шойгунун Түндүк Кореяга иш сапары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2023
Ким Чен Ын Шойгуга АКШныкына окшогон жаңы пилотсуз учактарды көрсөттү. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0