Театрлар өлкө аймактарын түрө кыдырган гастролдорун баштады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТеатр көргөзмөсү. Архивдик сүрөт
Театр көргөзмөсү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2023
Жазылуу
Мындай мүмкүнчүлүк президент тарабынан маданият жана искусство тармагына бөлүнгөн каражаттын эсебинен ишке ашат.
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караган бардык театр, оюн-зоок мекемелеринин чыгармачылык гастролдору башталды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Бул аракеттер президенттин "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жана "Улуттук нарк жөнүндө" жарлыктарын аткарууга жана каада-салттарды, үй-бүлөлүк, коомдук баалуулуктарды сактоого багытталат.
"Чыгармачылык гастролдор чет элге, Бишкек жана Ош шаарларына, ошондой эле өлкөнүн жети дубанына болмокчу. Чыгармачылык гастролдордо театр, оюн-зоок мекемелери спектакль жана жандуу үн менен концерттик программаларды тартуулашат. Мындай мүмкүнчүлүк президент тарабынан маданият жана искусство тармагына бөлүнгөн акча каражаттын эсебинен ишке ашырылып, каржылоо мамлекеттин эсебинен жүрөт", ― дешти министрликтен.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Салтанат Мамбетмусаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2023
Радио
Маданият тармагына бөлүнгөн 673 млн. сом эмнеге сарпталары айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0