Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси

© Photo / Pexels / Birdie Wyatt Пациентти караган врач. Иллюстративдик сүрөт
Пациентти караган врач. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2023
Жазылуу
Адис айлана-чөйрө менен тыгыз байланышта болгон органдар гана чыныгы ооруну сезерин айтты.
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Адамдын организминде, түз мааниде айтканда, ооруну сезбеген органдар бар. Бул тууралуу терапевт Ольга Шашкова "Доктор Питер" басылмасына берген маегинде билдирди.
Адистин айтымында, адатта айлана-чөйрө менен тыгыз байланышта болгон органдар — тери жана муун ооруну сезет деп эсептелинет. Себеби аларда ооруну сезген рецепторлор болот. Ал эми ички органдарда мындай рецепторлор жок.
"Ички органдарды каптаган ткань — паренхиманын өзүндө оору рецепторлору болбойт, ал эми ички органдар, сөздүн түз маанисинде, ооруну сезбейт. Ар кандай оорулар, жаракат, шишик же сезгенүү болгон кезде оору эффектиси пайда болот, ал кайсы жерден сезилип жатканына карата "тигил же бул жерим ооруп жатат" дейбиз", — деп түшүндүргөн дарыгер.
Оору рецепторлору жок органдарга жүрөк, өпкө, бөйрөк, боор, ашказан, мээ, жатын жана жатын моюнчасы кирет.
"Жүрөк өзү оорубайт, бирок инфаркт болгон кезде көкүрөктө ооруну сезебиз. Бул кан тамырларга байланыштуу болот. Баш да ошондой эле. Нерв системасынын борбору болгон мээнин өзүндө оору рецепторлору болбойт, бирок ага келген маалымат аркылуу дененин бардык жериндеги ооруну сезе алабыз", — деген Шашкова.
Медицина кызматкерлери бейтаптарды эмдөөдө учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2023
Өлкөдө кызамык, кызылчага каршы эмдөө боюнча байланыш борбору иштеди
Жаңылыктар түрмөгү
0