Консулдук Измирде кулаган тик учакта Кыргызстандын үч жараны болгонун тастыктады

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүӨрт өчүрүүчү тик учак. Архивдик сүрөт
Өрт өчүрүүчү тик учак. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2023
Жазылуу
Бортто төрт адам болгон. Анын бири оор абалда ооруканада.
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулдугу Измирде кулаган тик учакта КРдин үч жараны болгонун тастыктады.
Өкүлчүлүктүн кызматкерлери кырсыктын чоо-жайын тактап, керектүү жардам көрсөтүү максатында окуя болгон жерге жөнөп кетишкени кабарланды.
Буга чейин Түркиянын Мендерес районундагы токойдо өрт чыгып, аны өчүрүп жаткан тик учак кулаганы маалымдалган. Бортто төрт адам болгон.
Консулдуктун маалыматы боюнча, учурда кыргызстандык бир жаран ооруканада. Үч адамды издөө иштери уланууда. Кырсык 16-сентябрда саат 23:53тө болгон.

"Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги жана Стамбулдагы башкы консулдугу Измирдеги тиешелүү мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышта жана бул маселени өзгөчө көзөмөлгө алууда", — дешти мекемеден.

Дарыяга түшкөн автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2023
Бишкек — Ош жолундагы кырсык: айдоочу жана үч кызы менен келин көз жумду
Жаңылыктар түрмөгү
0