ЕАЭБ менен КМШда "Евразиялык тазалык кубогу" экологиялык иш-чарасы өтүүдө

© Владимир Песня / Медиабанкка өтүүТазалык акциясы. Архивдик сүрөт
Тазалык акциясы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2023
Жазылуу
2024-жыл КМШда "Ыктыярчылык кыймыл жылы" деп жарыяланган.
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. 16-24-сентябрь аралыгында ЕАЭБ жана КМШ мамлекеттеринде "Евразия тазалык кубогунун" алкагында улуттук экологиялык мелдештер өтүп жатат. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы билдирди.
Мелдештердин негизги максаты токойлорду, көлмөлөрдүн жээктерин тазалоо менен гана чектелбестен калкты ыктыярчылыкка, экоагартууга, аймакты көрктөндүрүүгө тартуу болуп саналат. Россияда 110дон ашык, евразиялык сегиз өлкөдө 50дөй оюн пландалды. Жеңүүчүлөр улуттук жана эл аралык деңгээлде аныкталат.
"Таштанды чогултуу жана сорттоо боюнча командалык мелдеш 2010-жылдан бери дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринде өтүп келет (40 мамлекетке жетти). Бирок эл аралык биринчилик алгачкы ирет уюштурулуп жатат. Сентябрь айында алгачкы ирет ЕАЭБ мамлекеттери менен уюмга байкоочу өлкөлөр (Өзбекстан менен Молдова) улуттук мелдеш өткөрөт", — деп айтылат маалыматта.
2024-жыл КМШда "Ыктыярчылык кыймыл жылы" деп жарыяланган. Ага ылайык, жаз айында КМШнын бардык мамлекеттеринде "Евразиялык тазалык кубогу" иш-чарасы өтөт. 10 өлкөдө 200 оюн уюштуруу пландалууда.
Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Исабек Исмаилов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2023
Радио
ЕАЭБде дары-дармек каттоону бир стандартка алып келүү иштери жүрүүдө
Жаңылыктар түрмөгү
0