Түркияда кулаган тик учак: элчилик Бишкекке сөөктөрдү жиберүү маселесин чечүүдө

© Фото / пресс-служба МИД КРКыргызстандын Стамбулдагы элчилиги. Архив
Кыргызстандын Стамбулдагы элчилиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Стамбулдагы элчилиги менен консулдугу каза болгон пилоттордун сөөгүн мекенине, Бишкекке жеткирүү маселесин карап жатат. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан кабарлады.
Министрлик TRT Haber агенттигинин кыргызстандык эки, түркиялык бир пилоттун сөөгү табылды деген маалыматын тастыктады. Кырсык Измир аймагынын Мендерес районунда 16-сентябрда өрт өчүрүү учурунда болгон. Бортто төрт адам бар экени айтылган. Nbr exfr "Тахталы" суу сактагычынан суу алып жатканда кулаган.
Андан мурдараак жаракат алган кыргызстандыктын ооруканада экени маалымдалган.
Өрт өчүрүүчү тик учак. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2023
Консулдук Измирде кулаган тик учакта Кыргызстандын үч жараны болгонун тастыктады
Жаңылыктар түрмөгү
0