Кулак-мурду кесилген келиндин күйөөсү милицияга каршылык көрсөткөн. Чоо-жайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовМилиция кызматкерлери. Архив
Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2023
Жазылуу
Окуя тууралуу тартип сактоочуларга жабырланган келиндин кошунасы болжол менен 07:00дө кабарлаган.
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Милиция эртең мененки саат 07:15те кандуу окуя болгон батирге келип, куралдуу каршылык көрсөткөн шектүүнү кармаганс. Тез жардам кечиккендиктен алар кызматтык автоунаасы менен жабырлануучуну ооруканага жеткиришкен. Бул туурасында Чүй милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Ызы-чуу болуп жатканын жабырланган келиндин кошунасы тартип сакчыларына болжол менен саат 07:00дө кабарлаган. Алардын айтымында, Сокулук РИИБдин аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү саат 07:15тер чамасында Н.А. аттуу келин бычакталган батирге келген.
"Окуя болгон жерге келип, батирдин ичи кан болуп жатканын көрүп, куралдуу каршылык көрсөткөн Э.А. аттуу шектүүнү кармашкан. Андан соң милиция кызматкерлери Күн-Туу айылдык милиция бөлүмчөсүнө алып барып, Тез жардам кызматына кабарлашкан. Кайрадан жабырлануучунун батирине кайтып, медиктер келе элек болгондуктан кызматтык автоунаа менен жабырлануучуну ооруканага алып барышкан", — деп билдиришти милициядан.
ИИБден ал адам Сокулук РИИБдин тергөө органдары тарабынан кармалып, шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин айтышты.
Эске салсак, кечээ, 20-сентябрда, милиция Селекция аймагында жашаган аялдын бети-башы бычакталып, кулак-мурду кесилгенин билдирген. Буга шектүү катары анын 39 жаштагы ажырашып кеткен күйөөсү кармалып, аталган факт боюнча кылмыш иши козголгон.
ЖМКлар кол салган киши анын ажырашкан күйөөсү, алардын эки баласы бар экенин жазды. Ал эми эркек буга чейин соттолуп, аялын байма-бай ур-токмокко алып жүргөн.
Келинге сегиз сааттык операция жасалып, учурда ал Бишкектеги ооруканалардын биринде медиктердин көзөмөлүндө жатат.
Милиция буга чейин жабырланган келинди ал эркек зордуктап, уруп-сабап келгенин билдирген. Былтыр сентябрь айында 39 жаштагы шектүү Э. А. мурдагы аялын токмоктоп, зордуктаганы үчүн кармалган. Анда Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси ("Зордуктоо") менен иш козголгон. Айыбы угузулуп, бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрү менен тандалып, соттук кароого жөнөтүлгөн. Бирок аялдын тосмо арызынан кийин эркек эркиндикке чыккан. Жылдын башында, тагыраагы, 31-январда зордуктоо боюнча кайрадан арыз түшкөн. Окуя Селекция айылындагы жабырлануучунун үйүндө болгон. 154-берене менен кайрадан иш козголгон. Жаза процессуалдык кодекстин 96-97-беренелеринин негизинде каралып, айыбы угузулуп, бөгөт коюу чарасы камакка алуу чарасына алмашкан. Иш Сокулук райондук сотуна кароого жөнөтүлүп, кылмышкерди пробацияга өкүм кылган. Бирок ал өкүмгө арыздангандыктан иш облустук сотто каралып жатат (жаңы чечим алигече чыга элек).
Келиндин сиңдиси мындай ырайымсыз мамиле мурдатан бери уланып келе жаткандыгын айтып берген.
Операция учурунда хирургдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2023
Кулак-мурду кесилген келинге сегиз саат операция жасалды. Учурдагы абалы
Жаңылыктар түрмөгү
0