F-35тин кезектеги окуясы. Айтылуу америкалык учак дагы кулады

© AP Photo / Suhaimi AbdullahF-35B Lightning II истребители. Архив
F-35B Lightning II истребители. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2023
Жазылуу
Америкалык көзгө көрүнбөс истребителдер АКШ менен НАТОнун технологиялык артыкчылык туурасындагы уламыштарын төгүндөп жатканын белгилейт Sputnik аскерий баяндамачысы Александр Хроленко.
18-сентябрда АКШнын түштүк-чыгышында – Түштүк Каролина штатында белгисиз себептерден улам кезектеги F-35B Lightning II учагы кулады. Бул истребитель деңиз пехотасынын Бофорт Корпусунун авиабазасынын курамында эле. Таңгалып деле болбойт, себеби конструкциясында жүздөгөн мүчүлүштүк, программалык камсыздоосунун толтура мандеми бар экени белгилүү. Учак Пентагон тарабынан сериялык өндүрүшкө да уруксат ала алган эмес. Анткен менен америкалык союздаштарга ийгиликтүү сатылат, сатып алышпаса көргүлүктү алар көрөрүн жашырганда эмне?
Учкуч секирип кутулуп, госпиталда көзүн ачкан. Ал эми ал айдап чыккан – наркы 80 млн доллар турган "Чагылганда" (F-35B модификация – кыска учуш жана тик конуу өңдүү технологиялык мүмкүнчүлүктөрүнөн улам эң кымбат түрү) андан ары да бир канча убакыт автопилотто уча берген. Транспондери да иштебей калгандыктан кайда кулаганын бир топко чейин издешти. Ал түгүл авиабазанын командачылыгы истребителдин жерин табышууга Түштүк Каролинанын жергиликтүү тургундарына да кайрылган.
Учактын сыныктарын "биргелешкен Чарльстон базасынан түндүк-чыгышка карай эки саат нары жерден" табышкан. Демек, Мэрион көлүнүн үстүнөн F-35 автопилоттук режимде 100дөн кем эмес чакырым учкан. Бул жай жарандар үчүн абдан кооптуу көрүнүш болгон, автопилоттогу F-35B жүздөгөн чакырым аралыкка учуп, штаттын калк жыш жайгашкан районуна да кулашы ыктымал эле.
Америкалыктар дароо ушундай окуяларды эстешти. 2022-жылдын декабрында F-35B АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн Техастагы Форт-Уэрт авиабазасында кырсыкка учураган. Андан мурдараак, октябрда Аскер-деңиз күчтөрүнүн Юта штатындагы Хилл авиабазасы F-35A истребителин программалык камсыздоосунун мүчүлүштүгүнүн айынан жоготушкан. Учак кол менен башкарылбай калган. 2018-жылдын майында Флорида штатындагы Эглин авиабазасында конууга бет алган F-35A истребители талкаланып кеткен. 2018-жылдын 28-сентябрында ошол эле Түштүк Каролинадагы Бофорт авиабазасынын жанына АКШнын Деңиз пехотасынын корпусунун F-35B истребители кулаган. 2019-жылдын 9-апрелинде Япония Аскер-аба күчтөрү кабылган кырсыктын себеби жашыруун. Учак Мисава авиабазасынан 135 чакырым аралыкта Тынч океанга түшкөн.
"Өзгөчө" F-35 истребителин иштеп чыгуу программасына америкалыктар жыйырма жыл аралыгында жүздөгөн миллиард доллар сарптаган. Бирок бешинчи муунга жете албай калган учак дүйнөдө аброй күткөнчө эле жаман атка конду. Кырсыкка көп кабылат. Быйыл 150 чакты "Чагылган" чыгаруу пландалган, бирок Пентагон бүгүнкү күнгө дейре "чийки" F-35тин толук кандуу масштабына уруксат бере элек.
F-35 дүйнөгө асман чапчыган баада, бирок техникалык даярдыгы төмөн учак катары таанымал. Бомбалоочу истребителдин "800дөй өндүрүштүк мүчүлүштүгү бар", абага көтөрүлгөн сайын улам "жаңы бир мандеми" чыгат. Америкалык адистер F-35 "учуучу компьютеринин" программалык камсыздоосу иштебейт, бирок баасы асмандын башы.
Гаубица. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.09.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиялык аскер-өнөр жай комплексинин жаңы табылгасы: сууда сүзгөн гаубица
Пентагон душманынын радиоэлектрондук күрөш тутумдары F-35 компьютерлерин жөн гана өчүрүп коет деп чочулайт. Украинадагы атайын аскердик операциянын жүрүшүндө ушундай тоскоолдуктарга Илон Масктын Starlink спутник түйүнү да кабылган. Эсиңиздерде болсо, бул тутумдар – Украина Куралдуу күчтөрүнүн байланыш жана аскердик башкармалыгынын технологиялык негизи. Согуш шартында колдонулбаса деле F-35 үндөн ыкчам ылдамдыкта өзүнөн өзү талкаланып, өз замбирегинен өзүн-өзү талкалап, табигый чагылган урса жарактан чыгып, конордо талкаланып же абага көтөрүлгөндө деңизге кулап түшүшү мүмкүн. Буга жалаң фактылар күбө. Анткен менен F-35 Американын союздаштарына, желдеттерине жакшы сатылат. АКШ Мамлекеттик департаменти Конгресске 13-сентябрда Түштүк Кореяга 5 млрд долларга запастык кыймылдаткыч жана башка жабдуулары менен биргеликте 25 F-35 истребителин сатуу чечимин колдоо туурасында кабарлады.
Натыйжада түштүк кореялык учактар паркында "Чагылгандардын" саны 85ке жетет. Ушул тапта колунда 60 бирдик бар. Чектешкен Корея Элдик Демократиялык Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын өзөктүк мүмкүнчүлүктөрүн эске алганда бул курулай акча коротуу экени айдан ачык.
Сеулдун истребителдик авиациясы Кошмо Штаттардын союздаш мамлекеттеринин арасында согушка кыйла жөндөмдүү болуп саналат. Түштүк Кореянын ичинде F-35тин ынанымдуулугу жана майнаптуулугу да шек туудурат. Текшерүү учурунда – 2021-жылдын январынан 2022-жылдын июнуна чейинки 18 ай аралыгында 234 мүчүлүштүк таап чыгышкан. Анын ичинде "уча албаган" 172 учур, 2021-жылы 45 ийгиликсиз вазийпа катталган. 2022-жылы абал бир аз жакшырган. Былтыр январда кореялык F-35 шассиси ачылбай, боору менен конгон.
Европада Пентагондун "батасын ала албаган" "Чагылгандарды" Улуу Британия, Норвегия, Италия, Нидерланд, Даниянын Аскер-аба күчтөрү сатып алган. Кезекте Польша, Румыния, Чехия турат. Алардын керекке жарабаган америкалык F-35 истребителин сатып алуудан баш тартышы – "демократияны" сатып кеткенге тете. Ал ортодо Пентагон европалык (натолук) "Чагылган" флотун келечекте тактикалык өзөктүк курал менен жабдып, аны Росссияга каршы багыттоону пландайт.
Америкалыктар учак кабылган кырсыктардын себептерин ачыктабайт, анткен менен фактылар баарын айгинелеп турат. F-35 корпусу үндөн ыкчам ылдамдыкта (1 Мах) 60 секундадан соң талкалана баштайт. "Көзгө көрүнбөс" деп мүнөздөлгөн менен жогорку технологиялык душманынын радарларына даана байкалганын айтпай эле коелу (россиялык истребителдердин радарлары жана аба чабуулдарынан коргонуу тутумдары F-35терди Балтика деңизинин үстүнөн дароо көрөт).
F-35 концепциясы – душманды алар байкай электе жок кылуу. Анткен менен иш жүзүндө ал бир да ирет тастыкталган эмес. АКШ Аскер-аба күчтөрүнүн баасында – бешинчи муундагы F-35 жана F-22 (Пентагондо андай учактардан 700 чакты бирдик бар) пландалгандан алда канча артта. Америкалык флоттогу F-35тердин дээрлик үчтөн экиси – болжол менен АКШнын Аскер-аба жана Аскер-деңиз күчтөрүнүн 440 учагы аскердик миссияны аткарууга жөндөмсүз. Технологиялык мифтерди жаратуу жагынан америкалык аскер-өнөр жай комплекси алдына эч кимди салдырбайт.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Искандер оперативдик-тактикалык ракеталык комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украиналык С-300 учактары өзүнө карай ок атууда. Себебине сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0