Россиялык тынчтык орнотуучулар Карабахта милдетин аткарууну улантууда. Видео

© Министерство обороны РФ / Медиабанкка өтүүРоссиянын тынчтык орнотуучулары Карабахтын тургундарына жардам көрсөтүүдө
Россиянын тынчтык орнотуучулары Карабахтын тургундарына жардам көрсөтүүдө - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2023
Жазылуу
Россиянын атайын даярдыктагы отрядынын медиктери тургундарга зарыл болгон квалификациялуу жардамды көрсөтүүдө.
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Россиялык тынчтык орнотуучулар Тоолуу Карабахтын аймагында милдетин аткарууну улантып жатат.
Sputnik Ближнее зарубежье Telegram-каналы видео жарыялады.
Баку, Ереван, Степанакерт менен биргеликте жай жарандар арасында кан төгүүгө жол бербөө, коопсуздукту камсыздоо жана гуманитардык нормаларды сактоо боюнча тынымсыз аракеттер жасалууда. Буга Россиянын тынчтык орнотуучуларынын коопсуздугун сактоо да кирген.
Согуштук аракеттер башталгандан тарта РФтин тынчтык орнотуучуларынын күчү менен Мардакерт, Мартуни жана Аскеран райондорунан жай тургундар эвакуацияланган. Алар беш миңге чукул адамды жеткиришкен. Тоолуу Карабахтын коопсуз жайга жайгаштырылган жашоочулары эс ала турган жай жана ысык тамак-аш менен камсыздалган. Ал эми Россиянын атайын даярдыктагы отрядынын медиктери тургундарга зарыл болгон квалификациялуу жардамды көрсөтүүдө.
Азербайжан президенти Ильхам Алиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2023
Алиев Армения жетекчилиги Карабахта компетенттүүлүгүн көрсөткөнүн айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0