Олимпиадага дагы бир жолдомо. Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты

© Фото / United World Wrestling / Kadir CaliskanКыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2023
Жазылуу
Кыргызстандык балбан атаандашын 4:3 эсебинде жеңди.
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков (60 кг салмак категориясында) дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Ал жарым финалда ирандык спортчу Мохсен Неджад менен беттеш өткөрдү.
Шаршенбеков атаандашын 4:3 эсебинде жеңди. Муну менен ал 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына лицензия алды.
Алдыда кыргыз балбанын башкы таймаш – финал күтүп турат. Анда ал япониялык спортчу Кеничиро Фумита менен кез келет. Бул беттеш эртең өтөт.
Белгилей кетсек, буга чейин Айпери Медет кызы алгачкылардан болуп кыз-келиндер күрөшү боюнча Олимпиада оюндарына жолдомо алган. Андан кийин лицензияны грек-рим күрөшүнүн балбаны Акжол Махмудов менен суучул Денис Петрашов уткан.
Азербайжандык балбан Санан Сулейманов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2023
Акжол Махмудовдун финалдагы атаандашы Санан Сулейманов тууралуу эмне белгилүү
Жаңылыктар түрмөгү
0