Бишкекте "Эң жакшы короо", "Эң жакшы квартал" сынагы өтүп жатат

© пресс-служба мэрии города БишкекКонкурска катышкан бала аянтчалардын бири
Конкурска катышкан бала аянтчалардын бири - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.09.2023
Жазылуу
Баалоо ар бир критерий боюнча 0дөн 5 баллга чейинки баллдык система боюнча жүргүзүлөт.
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Борбор калаада "Эң жакшы короо" жана "Эң жакшы квартал" кароо-сынагынын экинчи этабы өтүүдө. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Бүгүн мэриянын аппарат жетекчиси Азиз Садырбеков менен комиссиянын мүчөлөрү Ленин жана Биринчи май райондорун кыдырып, кварталдардын иши менен таанышты. Баалоо ар бир критерий боюнча 0дөн 5 баллга чейинки баллдык система боюнча жүргүзүлөт.
"Эң жакшы короонун" байге фонду 460 миң сомду түзүп, төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
1-орун – 100 миң сом, орундардын саны – 2;
2-орун – 80 миң сом, орундардын саны – 2;
3-орун – 50 миң сом, орундардын саны – 2.
"Эң жакшы кварталдын" байге фонду 300 миң сом:
1-орун – 130 миң сом, орундардын саны – 1;
2-орун – 100 миң сом, орундардын саны – 1;
3-орун – 70 миң сом, орундардын саны – 1.
Тазалык муниципалдык ишканасын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2023
"Тазалык" карызы бар бишкектиктерди "жазаламай" болду
Жаңылыктар түрмөгү
0