Чернышкова: Кыргызстанда орус тилине болгон кызыгуу жогору бойдон калууда

© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Чет жердеги орус мурасы" фондунун жетекчиси Елена Чернышкова
Чет жердеги орус мурасы фондунун жетекчиси Елена Чернышкова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2023
Жазылуу
"Чет жердеги орус мурасы" фондунун жетекчиси Елена Чернышкова Кыргызстан жана Борбор Азиядагы башка мамлекеттер эмне үчүн жүрөгүнө жакын экенин айтып берди.
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан радиосуна курган эксклюзивдүү маегинде Елена Чернышкова өткөн кылымдын 20-жылдарында Россиядан кеткен көптөгөн илимпоздор менен маданият ишмерлери 80ден ашуун өлкөнү байырлаганын баяндады. Бүгүнкү күндө "Чет жердеги орус мурасы" фонду Россиядан чыгып орус эле эмес, бүтүндөй дүйнө маданиятында атын калтырып кеткендерди аныктап келет.
"Чет жактагы орус изи ар кыл өлкөлөрдүн маданий кызматташуусунун тарыхы менен тыгыз байланышта. Бул Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамилеге да тийиштүү. Эки мамлекеттин жалпы маданиятына жол салып кеткен мыкты инсандарды билебиз, булар жалаң эле кыргыздар менен орустар эмес, арасында татарлар, казактар жана башкалар бар. Мен кыргыз элинин меймандостугуна ыраазымын. Кыргызстандын орус тилине жана жалпы тарыхыбызга жасаган мамилеси абдан жакшы", — деди Чернышкова.
Эскерте кетсек, ушу тапта Кыргызстанда "Кыргызстан — Россия: жалпы тарыхый мурас" деп аталган эл аралык фестиваль өтүп жатат. Иш-чаранын максаты эки элдин маданиятынын жалпылыгы, улуттарды бириктирген маданий аспектилер тууралуу маалыматтарды жайылтуу болуп саналат.
Кыргызстандык студенттер. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2023
Пресс-борбор
Кыргызстандык студенттер 50 миң рубль грант ала алышат
Жаңылыктар түрмөгү
0