Кыргызстандык экс-рефери Нурдин Букуев Гиннес китебине кирди

© Фото / Ассоциация футзала Кыргызской РеспубликиFIFA уюмунун футзал боюнча экс-рефериси кыргызстандык Нурдин Букуев. Архивдик сүрөт
FIFA уюмунун футзал боюнча экс-рефериси кыргызстандык Нурдин Букуев. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2023
Жазылуу
Кыргызстандык адис карьерасын 1996-жылы баштап, 2006-жылы эл аралык категориядагы арбитр болгон. Өз эмгек жолунда бир катар эл аралык жана улуттук деңгээлдеги беттештерди тескеген.
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. FIFA уюмунун футзал боюнча экс-рефериси кыргызстандык Нурдин Букуев Гиннестин рекорддор китебине киргенин Кыргыз футбол союзу кабарлады.
Маалыматта Букуев футзал боюнча дүйнө чемпионаттарында тейлеген оюндарынын саны боюнча рекорд коюп, ушундай көрсөткүчкө жеткен алгачкы рефери болгону айтылат. Анын эсебинде Бразилия-2008, Таиланд-2012, Колумбия-2016 жана Литва-2021 чемпионаттары бар. Гиннес сертификаты 21-ноябрда тапшырылат.
"Букуев акыркы ирет FIFA уюмунун рефериси катары 2021-жылы Литвада өткөн дүйнө чемпионатынын финалына калыстык кылган. Анда Аргентина менен Португалия беттешкен. Натыйжада Португалия жеңишке жетишип, сыйлоо аземинде Букуев баштаган калыстардын бригадасы Жанни Инфантинонун колунан сыйлык алган", — дешти Кыргыз футбол союзунан.
Кыргызстандык адис карьерасын 1996-жылы баштап, 2006-жылы эл аралык категориядагы арбитр болгон. Өз эмгек жолунда бир катар эл аралык жана улуттук деңгээлдеги беттештерди тескеген. Бүгүнкү күндө Букуев Кыргыз футбол союзунун баш катчысы болуп эмгектенет. Даңк медалынын ээси.
Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2023
Азия кубогу: КРдин футзал командасы Бишкекте үч оюн өткөрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0