Өлкөдө аялдардын ден соолугун текшерүү боюнча бир айлык акция жарыяланды

© Sputnik / Сергей Красноухов / Медиабанкка өтүүУЗИде текшерип аткан врач. Архивдик сүрөт
УЗИде текшерип аткан врач. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2023
Жазылуу
Акциянын алкагында медиктер кыз-келиндерди алдын ала кезекке жазбастан акысыз текшерүүдөн өткөрүп, кеңеш беришет.
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Өлкөдө октябрь айында аялдар профилактикалык текшерүүлөрдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, "Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу" долбоорунун колдоосу менен жыл сайын өтүүчү "Айымдардын ден соолугу!" бир айлыгы жарыяланды.
"Аялдар үй-бүлөдө жана коомдо маанилүү ролду аткарат. Демек, аялдардын ден соолугуна артыкчылык берүү бир адамдын бакубатчылыгына гана эмес, жалпы коомдун жакшыруусуна өбөлгө болот. Бир айлык акция аялдардын жугуштуу эмес ооруларын алдын алууга жана дартты эрте аныктоого багытталган. Мисалы, алкоголдук ичимдиктер, тамеки чегүү, туура эмес тамактануу, кыймылсыз жашоо образын алдын алуу жана тобокелчиликтери жөнүндө маалымат берүү, баштапкы деңгээлдеги медициналык кызматтарды көрсөтүү акциянын негизги элементтери болуп саналат", — деп жазылат маалыматта.
Үй-бүлөлүк медицина борборлору, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана ФАПтар алдын ала кезекке жазбастан акысыз текшерүүдөн өткөрүп, кеңеш беришет.
Онколог, маммолог, медицина илимдеринин доктору Кыял Макиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2023
Радио
Маммолог: турмушка кеч чыгуу эмчек рагын пайда кылышы мүмкүн
Жаңылыктар түрмөгү
0