КМШнын Аткаруу комитети соодадагы тоскоолдуктарды жоюу аракетин улантат

© Sputnik / Табылды КадырбековКМШ мамлекеттеринин желектери. Архивдик сүрөт
КМШ мамлекеттеринин желектери. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.10.2023
Жазылуу
Башкы катчы Аткаруу комитети, экономика, финансы министрликтеринин өкүлдөрү өз ара соодадагы чектөөлөрдү толугу менен жоюу боюнча чараларды көрүп жатканын белгиледи.
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. КМШнын Аткаруу комитети тиешелүү структуралардын өкүлдөрү менен биргеликте Шериктештик ичинде соодадагы тоскоолдуктарды жоюу аракетин улантат. Бул тууралуу уюмдун башкы катчысы Сергей Лебедев КМШ өлкөлөрүнүн туруктуу өкүлдөрүнүн кеңешинин жыйынында билдиргенин Sputnik Беларусь жазды.
Иш-чара бүгүн Минскиде өтүп жатат. Лебедев эркин соода аймагы тууралуу макулдашууга 2011-жылы 18-октябрда кол коюлганын эскертти.
"Айрым кемчиликтерге карабастан макулдашуу аткарылып жатат. Документ өз ара сооданы кеңейтип, бир топ чектөөлөрдү алды, ошентсе да тоскоолдуктар бар", — деди башкы катчы.
Анын айтымында, айрым мамлекеттер улуттук кызыкчылыгын көздөп чектөөлөрдү пайдаланып жатат. Шериктештиктеги уюмдар КМШ ичиндеги өлкөлөрдүн ортосундагы барьерлерди азайтууга ниеттенүүдө.
"КМШнын Аткаруу комитети, экономика, финансы министрликтеринин өкүлдөрү өз ара соодадагы чектөөлөрдү толугу менен жоюу боюнча чараларды көрүп жатат", — деди Лебедев.
Башкы катчы мындай аракеттер жемишин берет деген үмүттө.
Кыргызиндустрия ААКнын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2023
Министр: Борбор Азияда Кыргызстандын экономикасы эң ачык деп эсептелет
Жаңылыктар түрмөгү
0