Адам өлтүрүүгө катышкан деп изделген казак жараны Бишкектен кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКолуна кишен салынган шектүү. Архивдик сүрөт
Колуна кишен салынган шектүү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2023
Жазылуу
Шектүү кыргыз-казак чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн.
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Адам өлтүрүүгө катышкандыгы үчүн Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн А.Г.М. Бишкектен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Алматынын тургуну кыргыз-казак чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн. Андан соң эл аралык "Манас" аэропорту аркылуу үчүнчү мамлекетке учуп кетүүнү көздөгөн.
Шектүүгө карата Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси ("Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү") боюнча кылмыш иши козголду. Октябрь райондук сотунун чечими менен Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына эки айлык мөөнөткө камакка алынды.
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө А.Г.М. Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан адам өлтүрүүгө катышкан деп издөөдө жүргөнү аныкталган.
Чүйдө пенсионер киши 32 жаштагы аялды бычактап салды деп кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2023
Чүйдө пенсионер киши 32 жаштагы аялды бычактап салды деп кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0