Дүйнө кандай болуш керек? Путин Россия кармана турган 6 принципти айтты

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ Владимир Путин на пленарной сессии Международного дискуссионного клуба "Валдай
Президент РФ Владимир Путин на пленарной сессии Международного дискуссионного клуба Валдай - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2023
Жазылуу
Путиндин айтымында, келечектеги дүйнө — жамааттык чечимдердин дүйнөсү.
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. РФ лидери Владимир Путин Сочиде өтүп жаткан "Валдай" эл аралык дискуссиялык клубунун жыйынында сөз сүйлөп, Россия эл аралык мамилелерде кармана турган принциптерди тизмектеди.
Биринчи принцип катары ал тоскоолдуксуз чөйрөнү атады.
"Биз адамдардын баарлашуусуна, алардын чыгармачылык ишмердүүлүгүнө жана өнүгүшүнө эч ким жасалма тоскоолдуктарды жаратпаган, ачык, өз ара байланыштагы чөйрөдө жашагыбыз келет. Тоскоолдуксуз чөйрө керек", — деди ал.
Экинчи принцип тууралуу айтып жатып Россия дүйнөнүн көп кырдуулугу жөн гана сакталбастан, ал жалпы өнүгүүнүн пайдубалы болушу керектигин каалайт деп белгиледи.
"Бир да өлкөгө же калкка кантип жашап, эмнени туюп-билүү керектигин таңуулоого тыюу салынышы зарыл. Чыныгы маданияттуу жана өнүккөн көп кырдуулук гана элдин жакшы турмушун жана кызыкчылыктардын теңдигин камсыздайт", — деди Россия президенти.
Анын айтымында, үчүнчү принцип — Россия максималдуу өнөктөштүк-өкүлчүлүктү колдойт.
"Келечектеги дүйнө — жамааттык чечимдердин дүйнөсү. Эч кимдин дүйнөнү башкарууга укугу жок жана дүйнөнү бирөөнүн атынан башкара албайт", — деген Путин төртүнчү принципти жалпы коопсуздук жана тынчтык бардык мамлекеттердин сый-урматы аркылуу түзүлөт деп түшүндүрдү.
Бешинчи пункт — адилеттүүлүк. Россия президентинин айтымында, жакшы нерселер баарына жеткиликтүү болушу керек, ал эми аны чектөөгө жасалган аракеттер агрессия катары каралышы кажет.
Алтынчы принципти ал тең укуктуулук деп белгиледи. Бай же күчтүүрөөк өлкөлөргө башкалардын баш ийүүсү болбой турганын, Россия Федерациясы тең укуктуулук жана бардык өлкөлөрдүн потенциалынын түрдүүлүгүн жактай турганын белгиледи.
Быйыл "Валдай" клубунун жыйыны Сочи шаарында өтүүдө. Жыйын бул ирет "Адилеттүү көп кырдуулук: жалпы коопсуздукту жана өнүгүүнү кантип камсыздаса болот?" деген темада уюштурулган. Путин клуб негизделгенден тартып анын катышуучулары менен жыл сайын жолугушуп келет.
“Валдай” эл аралык дискуссиялык клубу — саясат таануу, экономика, тарых, эл аралык мамилелер жаатындагы россиялык жана чет өлкөлүк алдыңкы эксперттердин бирикмеси. Клуб 2004-жылдын сентябрында РИА Новости агенттиги, Тышкы жана коргоо саясаты кеңеши, Moscow Times гезити, Russia Profile жана “Россия в глобальной политике” журналынын демилгеси менен түзүлгөн.
Президент РФ Владимир Путин на пленарной сессии XX Ежегодного заседания Международного дискуссионного клуба Валдай  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2023
Көзүңөрдү ачкыла. Путин Европа менен АКШдагы кесиптештерине кайрылды
Жаңылыктар түрмөгү
0