Ташиев: баш көтөргөн кылмыштуу топтун башын кыя чабабыз

© Фото / пресс-служба кабинета министров КРУКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев. Архив
УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2023
Жазылуу
Атайын кызматтын жетекчиси президент Садыр Жапаров башында турган саясий команданын өлкөдө мыйзамдуу тартип орнотууга саясий эрки жетерин белгилеген.
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Баш көтөргөн кылмыштуу топтун башы кыя чабылат. Бул тууралуу УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев Токмок шаарында атайын кызматтын башкармалыгынын имаратын ачып жатып айтты.
Ал өлкөдө кылмыштуулук менен күрөш улантыларын белгилеп, кримтөбөл Камчы Көлбаевдин жок кылынышын мисал келтирген.
"Мыйзам бузгандардын баары мыйзам алдында жазаланарын бир нече жолу айтып эскерткем. Ошого карабастан кечээ криминалитет башын көтөрүп, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жүргүзүп жаткан атайын операцияларына каршы чыгып, кызматкерлерге ок атып, кол көтөрдү. Натыйжада элди ар кандай маселелер менен "кармап" жүргөн "мыйзамдагы ууру" жок кылынды. Мындан ары да ушундай болот. Кечээки криминалдык авторитеттин жанында жүргөн ар бир кишиге расмий айтып коёюн: эгерде кимдир бирөө кайсы бир маселе боюнча мыйзам буза турган болсо, мыйзам чегинде катуу жазасын алат. Бир криминал баш көтөрө турган болсо башын кыя чабабыз. Мамлекеттин мыйзамына каршы өздөрүнүн мыйзам, тартип, схемасын ойлоп тапкан топторго катуу чара көрүлөт!" — деди Ташиев.
УКМК жетекчиси президент Садыр Жапаров башында турган саясий команданын өлкөдө мыйзамдуу тартип орнотууга саясий эрки жетерин белгилеген.
Эскерте кетсек, "мыйзамдагы ууру" атыккан кримтөбөл Камчы Көлбаев УКМКнын атайын операциясы учурунда 4-октябрда жок кылынды.
Камчы Көлбаевдин сөөгү Чолпон-Атада жерге берилди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2023
Камчы Көлбаевдин сөөгү Чолпон-Атада жерге берилди
Жаңылыктар түрмөгү
0