Россия максатына ишенимдүү баратат. Путиндин "Валдайдагы" сөзү

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүү РФ президенти Владимир Путин "Валдай" эл аралык дискуссиялык клубунун XX жыйынында
 РФ президенти Владимир Путин Валдай эл аралык дискуссиялык клубунун XX жыйынында  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2023
Жазылуу
Путин Батыштын ээрден кылтайган үстөмдүгүнүн ордуна келчү дүйнөдөгү жаңы тартип кандай принциптер менен болоруна токтолду.
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин "Валдай" эл аралык дискуссиялык клубунун XX жыйынында сүйлөдү.
Быйыл аталган иш-чара Сочи шаарында 2-5-октябрда болду. Жыйын бул ирет "Адилеттүү көп кырдуулук: жалпы коопсуздукту жана өнүгүүнү кантип камсыздаса болот?" деген темада уюштурулган. Путин клуб негизделгенден тартып анын катышуучулары менен жыл сайын жолугушуп келет.
Төмөндө Россия лидеринин сүйлөгөндөрүн тезис менен кеңири бермекчибиз.

Батыштын үстөмдүгү тууралуу

АКШ менен анын жандоочулары аскердик, саясий, экономикалык, маданий, ал тургай моралдык-нравалык баалуулуктар багытында үстөмдүк кылууга бекем ниеттенген.
Бирок бул аракеттер ордунан чыкпай калды. Бир схемага бириктирип алууга болбойт, дүйнө өтө татаал жана ар кыл. Батыштын байманалуулугу бир нече кылымдар бою колония кылып басып, уурдоодон калыптанган.
Өзүнүн экспансиясы менен күч колдонгон кадамдарды жасоого шылтоо таап туруш үчүн Батышка ар дайым кандайдыр бир душман керек. Алар душманды Батыш элитасынын артынан азиздерче ээрчип кетүүдөн баш тарткандардан жасоого дайыма далалаттанып келишет. АКШга кекирейгендик менен колониялык ээлик кылууну өзүнө сиңирип алган ой-туюмдарынан арылууга мезгил жетти. "Көзүңөрдү чоңураак ачкыла, ал дооруңар бүткөн, эми эч качан кайрылып келбейт" деп айткың келет.
Батыштын конъюнктурасы өзгөрүшү мүмкүн, маселе ушунда. Мисалы, кезектеги шайлоодон кийин ички саясий өзгөрүүлөр болот.
© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүРФ президенти В. Путин: АКШ менен анын жандоочулары аскердик, саясий, экономикалык, маданий, ал тургай моралдык-нравалык баалуулуктар багытында үстөмдүк кылууга бекем ниеттенген.
Президент РФ Владимир Путин на пленарной сессии XX Ежегодного заседания Международного дискуссионного клуба Валдай  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2023
РФ президенти В. Путин: АКШ менен анын жандоочулары аскердик, саясий, экономикалык, маданий, ал тургай моралдык-нравалык баалуулуктар багытында үстөмдүк кылууга бекем ниеттенген.

Украинадагы кырдаал жана атайын операция тууралуу

"Украинадагы согушту" Россия баштаган жок. Тескерисинче, Россия ага чекит коюуга аракет кылып келет.
Украина кризиси — аймактык чатак эмес. Россиянын кошумча жердүү болуу ниети жок. Кеп ал тургай аймактык геосаясий теңдешүүнү орнотуу туурасында эмес, жаңы дүйнө түзүлүшүнүн негиздери жөнүндө болуп жатат.
4-июндан тарта украиналык аскердик бөлүктөр 90 миңден ашык кишисин жоготту.
Россия максатына жетүүгө ишенимдүү кадам менен баратат жана алдына койгон милдеттерин аткарат.

Россиянын позициясы жана дүйнөдөгү жаңы тартип

Россия эл аралык мамилелерде жетүүгө умтулган алты принцип бар. Алар — тоскоолдуксуз чөйрө, жалпы өнүгүүнүн пайдубалындагы дүйнөнүн көп кырдуулугу, жалпы коопсуздук жана тынчтык, максималдуу өнөктөштүк-өкүлчүлүк, адилеттүүлүк, тең укуктуулук.
Россия тынчтык жана өнүгүүгө багыт алгандар менен эриш-аркак мамиледе болууга, ал эми диктаторлук жана зомбулукка баш койгондорго катуу каршы турууга даяр.
© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүРФ президенти В. Путин: "Украинадагы согушту" Россия баштаган жок. Тескерисинче, Россия ага чекит коюуга аракет кылып келет.
Президент РФ В. Путин принял участие в работе дискуссионного клуба Валдай - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2023
РФ президенти В. Путин: "Украинадагы согушту" Россия баштаган жок. Тескерисинче, Россия ага чекит коюуга аракет кылып келет.

Экономика тууралуу

Россияда экономиканы түзүмдүк кайра куруу табигый жол менен башталды. Ал санкциялардан кийин келип чыккан көйгөйлөрдү басып өттү, эми жаңы базанын кезектеги өнүгүү этабы башталды.
Кытайдын "Бир алкак — бир жол" демилгеси менен ЕАЭБ атаандашпай, тескерисинче, эриш-аркак болуп, бирин-бири толуктап жатат.
Россия кунары кете баштаган европа рыногунан кетип, дүйнөнүн өсө баштаган башка бөлүктөрүнүн рыногунда, анын ичинде Азияда ордун кеңейте баштады.
Украиналык экономикага келсек, тыштан колдоо алып турмайын жашап кете албайт.
АКШ азыр Украинаны колдоп, сүрөп кетүүгө чама-чаркы жетпей турат, анткен менен акча табат, басып чыгара коюшат. Ал эми Европа өзүнүн экономикасы мындан ары алсырап, элинин жашоосун начарлап баратса да Киевге жардам кылууда.

Карабах тууралуу

Россия 15 жыл бою Ереванга компромисске баруу зарылдыгын айтып-деп келди. Ал Арменияга Карабахтын тегерегиндеги беш районду Азербайжанга берип, экөөнү өзүнө калтырууну сунуштап, бирок баш тарткан жооп алган.
Анда Карабах өзүнүн көз карандысыздыгын жарыялап, бирок аны эч ким, ал тургай Армения да тааныбай койгон. Баары Карабахтын макамынын айланасында болуп туруп алган. Армения анын чечип, Карабах расмий Азербайжандын курамына өткөн. Азыркы Армения мамлекетинин позициясы ушундай.
Россия Карабахка гуманитардык жардам берүү боюнча бардык укуктук механизмдерди колдонду. Эгерде Армения Россиянын союздашы болуп кала турган болсо, Москва Тоолуу Карабахтагы армяндарга көмөктөшүүгө даяр.

Өзөктүү курал тууралуу

Америка Кошмо Штаттары өзөктүк куралды сыноого тыюу салган эл аралык документке кол койгон, ага Россия да катышкан. Россия кол коюп, ратификациялаган. Ал эми Америка кол коюп, бирок ратификациялабай таштап койгон.
Путин Россияга сыноолорду өткөрүү керекпи деген нерсеге азыр жооп айтууга даяр эмес. Бирок АКШ менен алакада өзүнө жараша мамиле менен жооп берет.
© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүү РФ президенти В. Путин: Россияда экономиканы түзүмдүк кайра куруу табигый жол менен башталды. Ал санкциялардан кийин келип чыккан көйгөйлөрдү басып өттү, эми жаңы базанын кезектеги өнүгүү этабы башталды.

Президент РФ Владимир Путин на пленарной сессии Международного дискуссионного клуба Валдай - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2023
РФ президенти В. Путин: Россияда экономиканы түзүмдүк кайра куруу табигый жол менен башталды. Ал санкциялардан кийин келип чыккан көйгөйлөрдү басып өттү, эми жаңы базанын кезектеги өнүгүү этабы башталды.

Пригожин көз жумган авиакырсык тууралуу

Тергөө комитетинин жетекчиси жакында эле маалымат берген. Анда авиакырсыкка учурагандардын сөөгүнөн кол гранатанын фрагменттери табылганы маалымдалган. Учакка сырттан киришүү болгон эмес. Бул тастыкталган факт. Иликтөө, тергөө азыр бүтө элек. Тилекке каршы, каза тапкандардын канынан алкоголь жана баңгизаттарды издеген экспертиза жүргүзүлгөн эмес. Бул окуялардан кийин Петербургдагы компаниясынан ФСБ 10 миллиарддарды накталай эле таппастан, беш килограмм кокаинди да аныктаган.

Канада парламентинде нацистти урмат-сыйга бөлөө тууралуу

Украина президенти Владимир Зеленский Канада парламентинде Украинада элди кырууга катышкан нацистке кол чаап турду. Бул өтө жийиркеничтүү көрүнүш болду. Өзгөчө улуту еврей Украина президентинин мамилеси таң калтырды.
Хунканы чакырган Канада парламентинин спикери же жеткен акмак, же көк мээ.
Эскерте кетсек, "Валдай" эл аралык дискуссиялык клубу — саясат таануу, экономика, тарых, эл аралык мамилелер жаатындагы россиялык жана чет өлкөлүк алдыңкы эксперттердин бирикмеси. Клуб 2004-жылдын сентябрында РИА Новости агенттиги, Тышкы жана коргоо саясаты кеңеши, Moscow Times гезити, Russia Profile жана "Россия в глобальной политике" журналынын демилгеси менен түзүлгөн.
Быйыл талкуу "Адилеттүү көп кырдуулук: жалпы коопсуздукту жана өнүгүүнү кантип камсыздаса болот?" деген темада уюштурулган.
Президент РФ Владимир Путин на пленарной сессии XX Ежегодного заседания Международного дискуссионного клуба Валдай  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2023
Көзүңөрдү ачкыла. Путин Европа менен АКШдагы кесиптештерине кайрылды
Жаңылыктар түрмөгү
0