Путин 71 жашка чыкты. Садыр Жапаров куттуктоосунда ага эмне деди

© Фото / POOL / Медиабанкка өтүүПрезидент Садыр Жапаров Россия лидери Владимир Путин менен. Архивдик сүрөт
Президент Садыр Жапаров Россия лидери Владимир Путин менен. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2023
Жазылуу
Өлкө лидерлери РФ президентинин Кыргызстанга боло турчу сапарын да талкуулашты.
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Россия лидери Владимир Путин менен телефондон сүйлөшүп, туулган күнүн куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Россиянын президенти бүгүн, 7-октябрда, 71 жашка чыкты.
Садыр Жапаров Путинге чың ден соолук, жооптуу мамлекеттик ишинде мындан аркы зор ийгиликтерди каалаган.
"Жапаров Кыргызстан Владимир Путиндин тарыхый достуктун, өз ара колдоонун жана ишенимдин бекем салттарына негизделген кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүн жана союздаштыгын чыңдоого кошкон жеке салымын жогору баалай турганын белгиледи", — деп жазылган маалыматта.
Өлкө лидерлери кызматташуунун актуалдуу багыттарын, ошондой эле Путиндин Кыргызстанга боло турган расмий сапарын, анын ичинде КМШ саммитине катышуусун талкуулашкан.
РФ президенти Владимир Путин. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2023
Путиндин Кыргызстанга расмий сапары
Владимир Путиндин Кыргызстанга кайсы күнү келери айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0