Бишкекте митинг өткөрүүгө коюлган чектөө жаңы жылга чейин узартылды

© Sputnik / Владислав НогайБишкектеги Эркиндик бульварындагы митингдин катышуучулары. Архив
Бишкектеги Эркиндик бульварындагы митингдин катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2023
Жазылуу
Акцияларды бир гана Горький паркында өткөрүүгө уруксат берилген.
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Бишкектин борбордук бөлүгүндө митинг өткөрүүгө киргизилген чектөөнүн мөөнөтү жаңы жылга чейин узартылганын мэрия эскертти.
Маалыматта массалык башаламандыкты болтурбоо жана ага бөгөт коюу максатында Биринчи май райондук акимиаты митинг өткөрүүгө коюлган чектөөнүн мөөнөтүн узартуу өтүнүчү менен аталган райондун сотуна кайрылган.
Митингге чыгууга болбой турган жайлар:
"Ала-Тоо" аянты;
Эркиндик проспектиси — темир жолдон Чүй проспектисине чейин;
Президенттик администрациянын жана ЖК имараттарынын жанында;
Жогорку Соттун алдында;
Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында;
УКМК имаратынын жанында.
Ар кандай акцияларды бир гана Горький паркында өткөрүүгө уруксат берилген.
 Бишкектин Токтогул көчөсү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2023
Токтогул көчөсүнүн түндүк тарабындагы ири бөлүккө унаа токтотууга тыюу салынды
Жаңылыктар түрмөгү
0