Жалал-Абаддагы Россия-Кыргыз аймак аралык конференция - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2023
Жалал-Абаддагы Россия-Кыргыз аймак аралык конференция
Жалал-Абадда Россия-Кыргыз аймак аралык Х конференция өтөт. Эки өлкөнүн өкүлдөрү соода, туризм жаатындагы долбоорлорду финансылоону талкуулайт. Андан сырткары, бизнес-сессия, көргөзмө пландалган.

Кыргызстан менен Россия 3,5 млрд. долларлык документтерге кол коёт

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан жана Россия желектеринин фонунда кол алышуу учурундагы чиновниктер. Архивдик сүрөт
Кыргызстан жана Россия желектеринин фонунда кол алышуу учурундагы чиновниктер. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2023
Жазылуу
2018-жылдан 2022-жылга чейинки статистика боюнча, эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмү 1,8 эсеге өскөн.
ЖАЛАЛ-АБАД, 11-окт. — Sputnik. Россия-кыргыз аймак аралык Х конференциянын жыйынтыгында 3,5 миллиард долларлык документ менен келишимдерге кол коюлат. Бул тууралуу өкмөт башчы Акылбек Жапаров конференциянын пленардык жыйынында билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасы Россия Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеген.
"Тарыхый союздук байланыштар, стратегиялык өнөктөштүк жана бирдиктүү интеграциялык аймакта жайгашуу Кыргызстан менен Россиянын көп тараптуу кызматташуусунун бекем пайдубалы болуп келет", — деди Жапаров.
Анын айтымында, 2018-жылдан 2022-жылга чейинки статистика боюнча, эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмү 1,8 эсеге өстү. Өткөн жылы товар айлантуу 3,4 миллиард долларды түзүп, рекорд койгон.
"Азыркы дүйнөлүк экономикадагы татаал кырдаалга карабастан эки өлкөнүн товар жүгүртүүсүнүн көлөмүн 5 миллиард долларга чейин жеткирүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр бар экенин билебиз", — деди ал.
Жапаров сөзүнүн соңунда президенттин Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлү "АБ Энерго" ЖЧКсы менен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана Жалал-Абад облусунда 660 мегаваттык көмүр жылуулук электростанциясын куруу боюнча келишимге кол коёрун белгиледи. Анын баасы 2 миллиард 300 миллион долларды түзөт.
Россия жана Кыргызстандын желектери. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2023
Жалал-Абаддагы Россия-Кыргыз аймак аралык конференция
Оверчук Россия менен Кыргызстандын кызматташуудагы жетишкендиктерин атады
Жаңылыктар түрмөгү
0