Путиндин Кыргызстанга расмий сапары  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2023
Путиндин Кыргызстанга расмий сапары
РФ лидери Владимир Путин 12-13-октябрда Кыргызстанда болот. Ал Садыр Жапаров менен жолугуп, КМШ өлкөлөрүнүн президенттеринин саммитине катышат.

Путиндин Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын алкагында 7 документке кол коюлду

© Sputnik / Владислав НогайРоссия Федерациясынын Тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев
Россия Федерациясынын Тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2023
Жазылуу
Билим берүү, айыл чарба, экология сыяктуу бир катар багыттар боюнча макулдашуулар түзүлдү.
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын жыйынтыгы менен бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Бул тууралуу Кыргызстандын өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Кол коюлган документтердин тизмеси:
Кыргызстандын министрлер кабинети менен Россия өкмөтүнүн ортосундагы Б. Ельцин атындагы КРСУнун иштөө шарттары жөнүндө макулдашуу;
Кыргызстандын Юстиция министрлиги менен Россиянын Юстиция министрлигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;
Кыргызстандын Юстиция министрлиги менен Россиянын Юстиция министрлигинин ортосундагы 2023-2024-жылдарга карата кызматташтык программасы;
Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги менен Россиянын Жаратылыш ресурстар министрлигинин ортосундагы токой чарбасын өнүктүрүү жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлиги менен Россиянын жаратылыш ресурстары жана экология министрлигинин ортосундагы айлана-чөйрөнү жана жаратылыш ресурстарын коргоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандуму;
Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети ортосундагы ниет протоколу;
Россия өкмөтү менен Кыргызстандын министрлер кабинети ортосунда биологиялык коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
Жумушчулар товарларды жүктөп жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2023
Путиндин Кыргызстанга расмий сапары
Кыргызстан менен Россия соода жүгүртүү боюнча амбициялык пландарды койду
Жаңылыктар түрмөгү
0