Лавров: КМШ өлкөлөрү Израиль-Палестина чатагы боюнча орток пикирди карманат

© Фото / Пресс-служба МИД РФ / Медиабанкка өтүүРФ тышкы иштер министри Сергей Лавров
РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. КМШ мамлекеттери Израиль менен Палестина куралдуу кагылышын тез арада токтотушу керек деген пикирди карманат. Бул тууралуу Бишкекке келген РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.
Белгилей кетсек, борбор калаада КМШ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны өттү.
"Бүгүн бул маселени козгодук. Жаңжалды токтотуу керектиги айтылып, баарынын пикири бир жерден чыкты. Эл аралык укуктарды урматтоо, эки жактын тең жарандары азап тартып жаткан террордук кадамдарды болтурбоо иши турат. Путин кечээ айткандай, көңүлдү азыркы көйгөйлөргө буруу керек. БУУнун Палестина мамлекетин түптөө боюнча чечимин тоготпой келишет. Озунган АКШ азыр Россия, БУУ жана Евробиримдиктин, ошондой эле эл аралык коомчулуктун ортомчулук аракеттерин четке кагып, бул вазийпаны өзүнө менчиктеп алгысы келип турат. Чатак аяктаары менен бардыгы БУУнун Коопсуздук кеңешинин Палестина мамлекетин түзүү боюнча чечимин аткаруу милдетине киришет деген ишенимдебиз", — деген Лавров.
Бүгүн Россия президенти Владимир Путин расмий сапар менен Кыргызстанга келди. Анын алкагында өлкө башчыларынын сүйлөшүүлөрү пландаштырылган. Түз эфирди шилтемеден көрүңүз.
Мындан тышкары, Sputnik Кыргызстан онлайн-репортаж жүргүзүүдө.
Израил менен Газа секторунун ортосундагы кырдаалдын курчушу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2023
АКШ Израилди сатып кетти. Башка союздаштары да камына берсе болчудай...
Жаңылыктар түрмөгү
0