Кытайдын Пекин шаарында Кыргыз маданий борбору ачылат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевУлуттук кийимчен кыздар комуз чертип жатышат. Архив
Улуттук кийимчен кыздар комуз чертип жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.10.2023
Жазылуу
Кыргыз маданий борборун түзүүгө Кытай жараны демөөрчүлүк кылууда.
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Пекинде Кыргызстандын, ал эми Бишкекте Кытайдын маданий борбору ачылат. Тиешелүү макулдашууну ЖКнын эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети карап, ратификациялап берди.
Өз ара маданий борборлорду түзүү жөнүндө келишимге эки өлкөнүн өкмөт башчылары үстүбүздөгү жылдын 18-майында кол койгон.
Аталган макулдашуу тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова түшүндүрмө берди. Анын айтымында, бул саамалык улуттук маданиятты чет өлкөлөрдө жайылтуунун эффективдүү инструментин түзүү жана Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо максатын көздөйт.
"Маданий борборлорду түзүү маданий жана гуманитардык чөйрөлөрдө тажрыйба алмашууга жана кызматташууга дем берет. Кыргыз маданий борборун түзүүгө Кытайдын жараны Пэн Сяолань демөөрчүлүк кылууда. Ал — маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча министрдин коомдук башталгычтагы кеңешчиси", — деди Аскарова.
Ал эми Бишкектеги Маданий борборду кытай өкмөтү өзү каржылайт, анын ачылышы 26-октябрга чейин болору күтүлүүдө.
Эмгек миграттары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2023
Россияда эмгек мигранттары үчүн адаптациялык курстар иштелип чыкты
Жаңылыктар түрмөгү
0