Кыргызстан алдыдагы үч жылда карыздын жогорку чегине жетет. Канча акча керек?

© Sputnik / Жоомарт УраимовСом жана доллар купюралары. Архивдик сүрөт
Сом жана доллар купюралары. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2023
Жазылуу
Учурда кыргыз өкмөтү чет өлкөлөрдөн алынган 270тен ашык кредитти төлөп жатканы белгиленди.
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Финансы министри Алмаз Бакетаев Кыргызстандын карызы кийинки жылдары кандай төлөнөрү тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 30-июлуна карата мамлекеттик карыз 5,7 миллиард долларды түздү. Анын ичинен 78 пайызы тышкы бересе, ал 270тен ашык кредиттен турат.
Алдыңкы үч жылда төлөмдөр эң жогорку чегине жетет:
2024-жылы — 66,9 миллиард сом;
2025-жылы — 76 миллиард сом;
2026-жылы — 87,3 миллиард сом.
Министр 2033-жылга чейин тышкы карызды төлөө маселеси олуттуу бойдон каларын белгиледи.
Жүз долларлык купюралар. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2023
ЕАЭБде соода жүгүртүү жыл аягына чейин 100 млрд. долларга жетери болжолдонду
Жаңылыктар түрмөгү
0