Быйыл ЕАЭБ менен Ирандын эркин соода жүгүртүүсү боюнча келишимге кол коюлат

© Фото / пресс-служба кабинета министров КРЕАЭБ мүчө-өлкөлөрүн желектери. Архив
ЕАЭБ мүчө-өлкөлөрүн желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2023
Жазылуу
Келишимдин долбоору боюнча иш соңуна чыкты.
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдиги жана Ирандын ортосунда эркин соода жүгүртүү келишимине быйыл кол коюлат. Бул тууралуу Беларустун БЕЛТА маалымат агенттиги өкмөттүн маалымат кызматына шилтеме берип жазды.
Бул маалымат кечээки ЕЭК кеңешинин жыйынында (ЕАЭБ мамлекеттеринин вице-премьерлеринен турат) жарыяланган.

“ЕАЭБ жана Иран ортосунда эркин соода жүгүртүү келишими боюнча иш соңуна чыкты. Документке быйыл кол коюу пландалууда”, деди агенттик.

Жүз долларлык купюралар. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2023
ЕАЭБде соода жүгүртүү жыл аягына чейин 100 млрд. долларга жетери болжолдонду
Жаңылыктар түрмөгү
0