Министрлик окуучулардын күзгү каникулу качан башталарын эскертти

© Sputnik / Табылды КадырбековБашталгыч класстын окуучулары мектепте тепкичтен түшүп баратышат. Архив
Башталгыч класстын окуучулары мектепте тепкичтен түшүп баратышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.10.2023
Жазылуу
Ноябрда кыргызстандыктар беш күн катары менен эс алат.
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Окуучулардын күзгү каникулу 6-ноябрда башталып, жети күнгө созуларын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы эскертти.
"Тагыраагы, күзгү каникул 6-ноябрдан 12-ноябрга чейин созулуп, сабактар 13-ноябрдан башталат", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, ноябрда кыргызстандыктар беш күн катары менен эс алат.
Окуучу кыз онлайн окуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2023
ШКУ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин саммити
25-26-октябрда Бишкек менен Сокулуктагы бардык билим берүү жайлары онлайн окушат
Жаңылыктар түрмөгү
0