Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Евразия өнүктүрүү банкы санарип демилгелерге сынак жарыялады

© Фото / пресс-служба ЕАБРЕвразия өнүктүрүү банкын логотиби. Архив
Евразия өнүктүрүү банкын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.10.2023
Жазылуу
Билдирмелер 20-ноябрга чейиин кабыл алынат.
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Санарип демилгелерге жарыяланган кезектеги сынакка арыздар кабыл алынууда. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) башкаруучулугунун төрага орун басары, Санарип демилгелер фондунун куратору Тигран Саркисян билдирди.
Ал Sputnik маалымат борборунда өткөн "ЕАӨБдүн Санарип демилгелер фондунун долбоорлору ЕАЭБдин интеграцияланышына кандайча жардам берүүдө" аталышындагы видеокөпүрө учурунда сүйлөгөн.
"Адаттагыдай эле мыкты долбоорлорго сынак жарыялайбыз. Өзөгүндө интеграция болушу кажет. Мамлекеттерибиздеги мыкты санариптик чечимдерди жалпы евразиялык мейкиндикте чагылдырууга багытталышы зарыл. Фонд тематикага туура келген долбоорлорду каржылоого даяр", — деди Саркисян.
ЕАӨБдүн сайтында белгиленгендей, сынакка катышуу үчүн арыздар fci@eabr.org электрондук дареги аркылуу 20-ноябрга чейин кабыл алынат. Шарты менен сайтынан таанышууга болот.
ЕАЭБ мүчө-өлкөлөрүн желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2023
Быйыл ЕАЭБ менен Ирандын эркин соода жүгүртүүсү боюнча келишимге кол коюлат
Жаңылыктар түрмөгү
0