Торжественное мероприятие по поднятию обновленного флага КР в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Кыргызстандын желегин өзгөртүү
Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев менен Улан Примов Кыргызстандын желегиндеги айрым элементтерди өзгөртүүнү сунуштап жатышат. Кеп түндүктүн чамгарагы менен күндүн нуру тууралуу болууда. Тармактык комитет мыйзам долбоорун колдоду. Эми депутаттар аны жалпы жыйында кенен талкуулашмакчы.

Садыр Жапаров Кыргызстандын желегин өзгөртүү идеясын колдоду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын желеги. Архивдик сүрөт
Кыргызстандын желеги. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2023
Жазылуу
Өлкө башчы желекти өзгөртүүгө сунушталган жаңы вариантта күн нурлары эми чындап окшошконун айтты.
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын желегин өзгөртүү идеясын колдоду. Ал “Кабар” агенттигиндеги маегинде желектин жаңы вариантындагы күн нурлары эми чындап окшошконун айткан.
“Мамлекетибиздин туусу боюнча депутаттардын демилгеси тууралуу баарыбыз кабардар болбодукпу. Негизи мен бул идеяны колдоймун. Буга чейин эле коомчулукта азыркы туубузду күн карамага окшоштурган, андан улам мамлекетибиз өз алдынча көтөрүлө албай, күн карама абалында болуп келе жатат деген пикирлер арбын айтылып келген. Ал тургай өлкөбүзгө расмий иш сапары менен келип, туубузду көрүп, бул өлкөдө күн карама көп өстүрүлөт турбайбы деген ойдо калган чет элдик меймандар дагы болгон”, — деди өлкө башчы.
Жапаров Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери деле башкалардан көз каранды болуп келгенин кошумчалады. Дүйнө жүзүндө мамлекеттик туунун элементтерин өзгөрткөн өлкөлөр бар экенин, эми өлкөнүн туусуна түзөтүүлөрдү киргизүүнүн убакыт-сааты келгенин айтты.
“Жакшылап маани бере турган болсок, депутаттар туунун концепциясын алмаштырууну демилгелеген жок. Болгону эл сөз кылып келген күн карамадай болуп калган күн нурларын оңдоп коёлу деген ой менен чыгып жатышат. Ачык эле айтып коёюн, алардын алгачкы сунуштаган варианты мага да жеткире иштелип чыкпагандай сезилген, күн нурлары тикенектей болуп көрүнгөн. Кечээ адистер менен кеңешип, кайра оңдоп чыгышыптыр. Бул вариантында мамлекеттик желегибиздеги күн нурлары эми чындап окшошуптур”, — деди президент.
Жапаров ушул вариант кабыл алынса, Кыргызстан мындан ары “күн карама” болбой турганын айтты.
“Ырым-жырымды кармангандан алысмын. Бирок туудагы түндүгүбүздөн күн бизге шооласын чачып турган сымал, эми эч кимдин көзүн карабай, өз алдыбызча жаркырап өнүгөбүз деп жакшы ниет кылалы”, — деп жыйынтыктаган маегин Жапаров.
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2023
Кыргызстандын желегин өзгөртүү
Өздөрү күн карама. Самыйкожо тууну өзгөртүүгө каршы болуп, Шакиев менен талашты
Жаңылыктар түрмөгү
0