Кыргызстан жана ШКУнун желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2023
ШКУ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин саммити
Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин өкмөт башчылары кеңешинин жыйыны 25-26-октябрда өтөт. ШКУга тогуз мамлекет кирет, дагы үч өлкө байкоочу макамына ээ, 14 мамлекет өнөктөш болуп саналат.
ШКУ олкөлөрүнүн желектери - Sputnik Кыргызстан

Бишкекте КМШ, ШКУ, ЕАЭБ премьерлери жыйынга чогулду. Онлайн-репортаж

Жазылуу
Бүгүн, 26-октябрда, Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында ШКУ, ЕАЭБ, КМШга мүчө өлкөлөрдүн премьерлеринин саммити өтүп жатат.
Бул ири иш-чарадан алынган маалыматтарды, видео, сүрөттөрдү биздин түз алып берүүбүздөн окуп турсаңыз болот.
Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
19:16 26.10.2023
Бишкек шаарында 2023-жылдын 26-октябрында өткөн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өкмөт башчылар кеңешинин отурумунун жыйынтыгы боюнча төмөнкү 12 документке кол коюлду.
1. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын Кеңешинин кезектеги отурумун өткөрүү жөнүндө.
2. КМШга мүчө мамлекеттердин 2026-жылга чейинки мезгилде геодезия, картография, мейкиндик маалыматтары, геомаалыматтык технологиялар, Жерди аралыктан зонддоо, кадастрдык каттоо жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатында кызматташуусунун мамлекеттер аралык программасы жөнүндө.
3. КМШга мүчө мамлекеттердин отун-энергетикалык комплексинин тармактарын санариптик трансформациялоо концепциясы жана аны ишке ашыруу боюнча биринчи кезектеги иш-чаралардын Планы жөнүндө.
4. “Уран өндүрүүчү өндүрүш таасирине кириптер болгон мамлекеттердин аймактарын рекультивациялоо” эл аралык максаттуу программасы жөнүндө.
5. 2016-жылдын 28-октябрындагы КМШга мүчө мамлекеттердин тоо-кен металлургия тармагында кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча чаралардын комплекси жөнүндө.
6. КМШга мүчө мамлекеттердин 2030-жылга чейинки мезгилге инновациялык кызматташтыгынын мамлекеттер аралык программасынын алкагында технологиялык платформалар жөнүндө жобо тууралуу.
7. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде 2025-жылы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына даярдык көрүү жана аны майрамдоо боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө.
8. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде 2024-жылы Волонтердук кыймыл жылын өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө.
9. КМШ чемпионаты жөнүндө (Чемпионат, Кубок).
10. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин органдарынын ишмердүүлүгүн финансылык камсыздоо жөнүндө:
10.1 1979-1989-жылдары Афганистандагы согушта дайынсыз жоголгон аскер кызматкерлерин издөө, сөөк көмүлгөн жерлерди издөө, эксгумациялоо, сөөктөрдү таануу жана аны өз мекенинде жерге берүү боюнча иш-аракеттерди 2020-2024-жылдары улантуу боюнча иш-чараларды 2024-жылы каржылоо жөнүндө.
10.2 2021-2025-жылдарга КМШга мүчө мамлекеттерде согуштун ардагерлеринин – локалдык конфликттердин катышуучуларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашоо сапатын жакшыртуу боюнча мамлекеттер аралык программаны ишке ашыруу боюнча иш-чараларды 2024-жылы каржылоо жөнүндө.
10.3 2022-жылы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин абадан коргонуунун биргелешкен системасын түзүүгө жана өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражаттарды пайдалануу жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин алдындагы Абадан коргонуу маселеси боюнча координациялык комитеттин ишин камсыз кылуу жөнүндө.
10.4 2024-жылы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин биргелешкен абадан коргонуу системасын түзүүгө жана өнүктүрүүгө каражаттарды бөлүү жөнүндө.
10.5 КМШ Өкмөт башчылар кеңешинин 2007-жылдын 25-майындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин Гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык фондунун органдарынын ишин жана анын Аткаруучу дирекциясынын максималдуу бөлүгүн финансылык жактан камсыз кылуу жөнүндө чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу.
10.6 Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин органдарынын 2022-жылга бирдиктүү бюджетинин аткарылышы жана 2023- жана 2024-жылдарда КМШ органдарынын ишин финансылык жактан камсыз кылуунун айрым маселелери жөнүндө.
10.7 Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин КМШ органдарынын бирдиктүү бюджетине үлүштүк төгүмдөрүнүн өлчөмүн өзгөртүү жөнүндө.
10.8 Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин органдарынын 2024-жылга бирдиктүү бюджети жөнүндө.
11. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин укуктук актыларына КМШ органдарынын ишинин финансылык аспектилерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө:
11.1 Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин органдарынын бирдиктүү бюджети жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу.
11.2 КМШга мүчө мамлекеттердин КМШ органдарынын бирдиктүү бюджетине карызын төлөөнүн тартиби жөнүндө.
12. 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган бирдиктүү юбилейлик медаль жөнүндө документ.
19:05 26.10.2023
Бүгүн Кыргызстанда, Бишкек шаарындагы "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өткөн ШКУга, КМШга жана ЕЭАБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын саммити, үч ири иш-чара соңуна чыкты.
18:57 26.10.2023
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров КМШ премьер-министрлеринин кеңири форматтагы жыйынында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2023
Бишкектеги КМШ премьер-министрлеринин саммити
Логистика, соода хабдары, суу. Жапаровдун КМШ премьерлеринин саммитиндеги сөзү
18:56 26.10.2023
18:55 26.10.2023
Иш-чарада 30 документ каралганы айтылды
18:52 26.10.2023
ЕАЭБ менен КМШ премьерлеринин саммитинин жыйынтыгы боюнча билдирүү. Түз эфир
18:45 26.10.2023
Графиктин фонунда рубль монеталары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2023
Бишкектеги КМШ премьер-министрлеринин саммити
Мишустин: КМШнын экономикасы кыйрайт дегендердин тилеги таш капты
18:42 26.10.2023
Технологиялык суверенитетти бекемдөө маанилүү
Бул тууралуу Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңейтилген курамдагы жыйынында айтты.
Ал Россия ЕАЭБ менен КМШнын ортосундагы байланыштарды бекемдөөнү артыкчылыктуу кадам деп эсептей турганын белгилеген.
"Экономиканын негизги тармактарында технологиялык суверенитетти жана өндүрүштүк базаны чыңдоо маанилүү", — деген Мишустин.
18:34 26.10.2023
18:31 26.10.2023
КМШга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын кезектеги жыйыны 2024-жылы май айында Ашхабадда (Түркмөнстан) өтмөкчү.
Заседание глав правительств стран ШОС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
18:28 26.10.2023
Учурда өкмөт башчылар жана тиешелүү тараптар кызматташуу боюнча документтерге кол коюп жатат.
18:22 26.10.2023
Заседание глав правительств стран ШОС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
18:20 26.10.2023
КМШнын башкы катчысы Сергей Лебедев Кыргызстан төрагалык кылган иш-чараларга токтолуп, аларга жогорку баасын берди.
"Күн тартибин айта турган болсок, мында экономикага жана гуманитардык кызматташтыкка тиешелүү 19 документ тууралуу сөз болуп жатат. Бир катар документтер КМШнын ишмердүүлүгүнүн ар кандай программаларын каржылоого жана келерки жылдын бирдиктүү бюджетин бекитүүгө тиешелүү. Кыргызстан өз төрагалыгын жыл аягында өткөрүп берет. Ага дагы эки жарым ай бар, бирок мен өлкө өз төрагалыгын ийгиликтүү өткөрүп жатканын белгилеп кетким келет. Кыргызстан өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты сактап калуу үчүн гана эмес, кызматташууга жаңы дем берүү үчүн да колунан келген аракетти жасады", — деген Лебедев.
Башкы катчы жыл аягына чейин Кыргызстан төрагалык кыла турчу дагы эки маанилүү иш-чара бар экенин кошумчалаган. Анын бири КМШ парламенттер аралык ассамблеясынын жыйыны 16-ноябрда өтсө, КМШ экономикалык кеңешинин жыйыны 8-декабрда Москвада болмокчу.
Официальный визит президента РФ В. Путина в Кыргызстан. День второй - Sputnik Кыргызстан
18:18 26.10.2023
Кыргызстан КМШ алкагындагы интеграцияны бекемдөөнү жактайт
"Кыргызстан КМШ алкагында интеграцияны бекемдөөнү жактайт. Республика төрагалык кылган жыл ичинде КМШнын интеграциялык кызматташуусу боюнча бир катар багыттарда жүргүзүлгөн иштерге баш-көз болду", — деди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.
Заседание глав правительств стран-участниц СНГ в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан
17:58 26.10.2023
17:20 26.10.2023
КМШ өкмөт башчыларынын кеңейтилген форматтагы жыйыны уланууда
16:56 26.10.2023
15:56 26.10.2023
Саммит ЕМПС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Саммит ЕМПС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
15:55 26.10.2023
Саммит ЕМПС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
15:55 26.10.2023
Саммит ЕМПС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жаңылыктар түрмөгү
0