Кыргызстан жана ЕАЭБдин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2023
Бишкектеги Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин саммити 26-27-октябрга пландаштырылган. Ушул эле күндөрү КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт.

Мясникович: ЕАЭБде өсүү көрсөткүчтөрү мындан ары да уланышы керек

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүЖүк ташуучу унаалар жолдо бара жатат. Архив
Жүк ташуучу унаалар жолдо бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2023
Жазылуу
Интеграцияга багытталган кооперациялык байланыштар күчөп жатканы белгиленди.
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосундагы өз ара соода жүгүртүү сегиз айда 9,6 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жыйынын жыйынтыктап жатып билдирди.
Анын айтымында, үчүнчү өлкөлөр менен дагы болгон сооданын көлөмү өскөн.
“Интеграцияга багытталган кооперациялык байланыштар күчөп жатат. 2023-жылдын январь-августунда кооперациялык товарлар 5,2 пайызга өскөн. Мунун баары Евразиялык экономикалык биримдиктин ички рыногундагы продукциялардын көбөйүшүн шарттады”, — деди Мясникович.
Ал эми өнөр жай өндүрүшү сегиз айда өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 103,2 пайызды түздү. Кайра иштетүү өнөр жайы 106,6 пайызга чыкты.
Мясникович ЕАЭБ өкмөттөр аралык кеңешинин саммитин жыйынтыктап жатып электр энергия соодасынын эрежеси бекитилгенин белгиледи. Бул ЕАЭБдеги электр энергия рыногунун туруктуу ишин камсыздоого жол ачкан өтө маанилүү долбоор.
ЕЭКтин төрагасы Евразиялык кооперациялык долбоорлорду каржылоого ЕАЭБдин бюджетинен 2 миллиард рубль бөлүү каралганын айтты.
Евразия экономикалык комиссиянын өкүлү Ия Малкина. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2023
Пресс-борбор
Бишкектеги ЕАЭБ өкмөт башчыларынын саммитинин жыйынтыгы тууралуу маалымат
Жаңылыктар түрмөгү
0