Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Пентагон Байдендин учурунда АКШ Украинага берген акчанын суммасын атады

© AFP / STAFFАКШ Пентагондун имараты. Архив
АКШ Пентагондун имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2023
Жазылуу
Бейшембиде АКШ Украинага жаңы пакет менен 150 миллион доллар көлөмүндө аскердик жардам бөлүнгөнүн жар салды.
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. АКШнын Байдендин бийлиги учурунда Украинага берген аскердик жардамынын суммасы 44,5 миллиард доллардан ашты. Бул тууралуу Пентагон билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал эми россиялык атайын операция башталгандан тарта бөлүнгөн каражат 43,9 миллиард долларды чапчыган.
"АКШ Байдендин администрациясынан бери Украинанын коопсуздугун колдоо үчүн 44,5 миллиард доллардан арбыныраак акча берүү милдетин алган. Буга 2022-жылдын 24-февралынан баштап каралган 43,9 миллиард доллар кирет", — деп айтылган маалыматта.
Бейшембиде АКШ Украинага жаңы пакет менен 150 миллион доллар көлөмүндө аскердик жардам бөлүнгөнүн жар салды. Анын ичинде абадан коргонуучу каражаттар жана танкага каршы куралдар бар. Кеп Пентагондун карамагындагы Киевге бериле турган курал-жарак туурасында жүрүп жатат.
Мамлекеттик катчы АКШ жана анын союздаштары Россия атайын операцияны токтотуп, Батыш Украинага тиешелүү деп эсептеген аймактан аскерлерин алып чыгып кетмейин Киевди колдоону уланта беришерин айтты.
Буга чейин Россия НАТО мамлекеттерине Украинага жиберилип жаткан курал-жарактардан улам нааразылык нотасын жиберген. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украинага багыт алган курал салынган кандай гана жүк болбосун Россиянын мыйзамдуу бутасына алынарын айткан. РФтин тышкы саясат ведомствосунан НАТО мамлекеттери Киевди тишине чейин куралдандырып, "от менен ойноп жатышканын" эскерткен. Кремль бул орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн ийгиликтүү болушуна өбөлгө боло албашын жана мындан негативдүү жыйынтык чыгышы мүмкүн экендигин айткан эле. Лавров АКШ менен НАТО Украинадагы жаңжалга түздөн-түз катышып, чырды "курал жөнөтүп эле эмес, Улуу Британия, Германия, Италия жана башка өлкөлөрдө кадрларды даярдап" дагы создуктуруп жатканын белгилеп келет.
Россия атайын операцияны 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Президент Владимир Путин ал "Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо максатын көздөйт" деген. Ал Россия 30 жыл бою НАТО менен Европадагы коопсуздук жаатында кепке келүүгө аракет жасагандыгын, бирок калп, алдамчылыкка кабылып же басым көрсөтүп, шантаж кылуу аракети болгондугун белгилеген. Альянс Москванын нааразылыгына карабай, РФтин чек арасына улам жакындап келүүсүн улантып жатканын айткан.
Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Северский багытындагы позицияларына снаряддарды атуу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.10.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Украинадагы атайын операция — согушту токтотууга болуп жаткан аракет
Жаңылыктар түрмөгү
0