ДССУ Газадагы бейтаптарды эвакуациялоого мүмкүн эместигин айтты

© AP Photo / Ariel SchalitИзраилдин Газа тилкесине жасаган аба соккусунан кийин түтүн
Израилдин Газа тилкесине жасаган аба соккусунан кийин түтүн - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2023
Жазылуу
Эл аралык уюм чабуулга алынган аймакта дары-дармектердин кору да азайып бара жатканын кабарлаган.
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Палестинанын аймагындагы бөлүмү согуштан улам бейтаптардын кооптуулугуна коркунуч жаралып тургандыктан аларды эвакуациялоого мүмкүн болбой жаткандыгын X социалдык тармагына жазды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
"Түндүктөгү ооруканалар эвакуация тууралуу буйруктарды алып жатышат. ДССУ бейтаптардын өмүрүнө коркунуч туулуп жаткандыктан ал жайларды көчүрүүгө мүмкүн эместигин дагы бир ирет белгилейт", — деп айтылган билдирүүдө.
Аталган бөлүм дары-дармектердин кору азайып бара жатканын кабарлаган. Күйүүчү майдын жетишсиздиги Тез жардам кызматынын ишине кедергисин тийгизип жатканын да белгилешкен.

Жакынкы Чыгыштагы жаңжал

Тараптардын аймактык кызыкчылыгы менен байланышкан палестин-израиль жаңжалы ондогон жылдардан бери аймактагы кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУ Израиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган. Бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет.
Абал 7-октябрда Израиль Газа сектору тараптан ракеталык чабуулга туш болду дегенден бери курчуп кеткен. Сокку ургандан кийин ХАМАС жоокерлери еврей мамлекетинин түштүк аймактарына кирип барып, кыймылдын аскердик канаты "Аль-Акса топон суусу" операциясын жарыялаган.
Жооп иретинде ЦАХАЛ ХАМАСка каршы "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль чабуул жасалгандан бир нече күн өткөн соң Газа менен чектешкен калктуу конуштарды кайра өз көзөмөлүнө алып, сектордун аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Мындан тышкары, аймакты толугу менен блокадалап, суу, азык-түлүк, электр кубаты, дары-дармек, отун ташуу токтотулган.
Палестина анклавында кандуу кагылышуудан мертингендердин саны 8000ден ашты, 18 миң жай тургун жаракат алганы айтылууда. Ал эми Израилде 1,4 миңдей киши көз жумду, жаракат алгандар беш миңден ашканы кабарланды.
БУУнун Башкы ассамблеясы Палестина-Израиль жаңжалы боюнча аймакта ок атууну тезинен токтотууга чакырган резолюция кабыл алды.
120 өлкө, анын ичинде Кыргызстан "макул" деген добушун берген. Ал эми АКШ, Израиль каршы болгон. Мындан тышкары, Австрия, Чехия, Хорватия, Венгрия болуп жалпы 12 өлкө резолюцияга макул болгон эмес.
Дүйнөдө көп өлкөлөр Израиль тараптан Газа аймагына жасалып жаткан куралдуу аракеттерге нааразылыгын билдирүүдө. Түркия лидери Эрдоган Түркиянын мамлекет башчысы Израилдин Газага карата чабуулун геноцидге тең деп сыпаттады.
Ал эми Кыргызстандын борбору Бишкекте Палестинаны колдоо митинги өтүп, аталган аймакка тилектештигин билдиришип, согуш отун токтотууга чакырык салышты.
Палестиналык фракциянын мүчөсү Газа секторундагы туннелден өтүп баратат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2023
Херш Израилдин Газадагы ХАМАСтын тоннелдерин сууга каптатуу планы тууралуу айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0