90%ын жойдук. Садыр Жапаров коррупция жана тышкы карыз тууралуу

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт
Президент Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2023
Жазылуу
Мамлекет башчы тышкы карызды төлөөнүн туу чокусу 2024-жылга туура келерин билдирди.
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына тышкы карыз жана коррупция тууралуу жазды.
Анын айтымында, Кыргызстандын 2020-жылга чейин чогулган карызы 5 миллиард доллар болгон. Өлкө башчы карызды төлөө жоопкерчилиги ага жана анын командасына туура келгенин, бересени кыйынчылыктарга карабай төлөп жатканын айтты.
"Өлкөбүздө тынчтык, стабилдүүлүк болуп турса, мындан ары да төлөп кетүүгө толук күчүбүз жетет", — деди Жапаров.
Ал ошондой эле бюджет 2020-жылга чейинки убакытка караганда үч эсе көтөрүлгөнүн айтты.
"Коррупциянын тамырын 100 пайыз кыркып бүтө элек болсок дагы, 90 пайызын жойдук. Ошол үчүн бюджетибиз көтөрүлүп жатат", — деди президент.
Азыр тышкы карызды төлөө менен бирге эмгек акы, пенсия, жөлөк пулдар көтөрүлгөнү айтылды. Бюджеттин эсебинен армия күчтөндүрүлүп, акыркы эки жылда эки миллиард долларга жаңы үлгүдөгү заманбап техникалар сатып алынган. Президент жолдор салынып, мектеп, бала бакча, темир жол, ГЭС, аэропорттор жана башка объектилер курулуп жатканын эске салды.
"Тышкы карызды төлөөнүн туу чокусу 2024-жылга туура келүүдө. Эң башкысы, биз тышкы карызды өз күчүбүз менен, тактап айтканда, бюджеттик каражаттын эсебинен жаап жатабыз. Мурда болсо кайсыл бир бөлүгүн кайра эле тыштан, же грант, же карыз алып жапчубуз", — деди өлкө лидери.
Үстүбүздөгү жылдын 30-июлуна карата мамлекеттик карыз 5,7 миллиард долларды түзгөн. Анын ичинен 78 пайызы тышкы бересе, ал 270тен ашык кредиттен турат.
Сом жана доллар купюралары. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2023
Кыргызстан алдыдагы үч жылда карыздын жогорку чегине жетет. Канча акча керек?
Жаңылыктар түрмөгү
0