Манасты музыка, математика жана психология жаатында да изилдөө керек. Маек

© Видео / пресс-служба полномочного представительства президента в Таласской областиМанастын эстелиги. Архивдик сүрөт
Манастын эстелиги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2023
Жазылуу
Жакында эле Х эл аралык Сибирь тарыхый форуму өттү. Анда "Манас" улуттук академиясы россиялык илимий борборлор менен кызматташуу тууралуу келишимдерди түзүп, бир катар долбоорлорду сүйлөшүп келди.
Sputnik Кыргызстан редакциясында "Манас" улуттук академиясынын президенти, филология илимдеринин доктору Талантаалы Бакчиев болду. Биз Россияда өткөн X эл аралык Сибирь тарыхый форуму, андагы көтөрүлгөн маселелер тууралуу маектештик.
© Sputnik / Асел Акмат"Манас" улуттук академиясынын президенти, филология илимдеринин доктору Талантаалы Бакчиев
Доктор филологических наук президент национальной академии Манас Талантаалы Бакчиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2023
"Манас" улуттук академиясынын президенти, филология илимдеринин доктору Талантаалы Бакчиев
— Жакында Новосибирскиде болуп, бир катар жолугушууларды өткөрүп келдиңиз. Кандай маселелер көтөрүлдү?
— Сибирь өрөөнүндөгү Новосибирск жана Красноярск шаарларында болдум. Новосибирскиде Россия Илимдер академиясынын Сибирь бөлүмү жайгашкан. Ага Филология, Тарых, этнография жана археология илим-изилдөө институттары кирет. Бул жолугушуунун өтүшүнө аталган институттун башкы илимий кызматкери, белгилүү этнограф, тарых илимдеринин доктору Ирина Октябрская себепкер болду. Анда келечекте биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу максатында келишимдер түзүлдү. Филология институтундагы фольклористика сектору менен изилдөө ишин жүргүзүү максатыбыз бар эле. Кайсы темаларды ортого салып, эки тараптуу иштешүүгө болору тууралуу кеп козголду. Алар көп жылдардан бери Сибирь элдеринин эпосторун эки тилде жарыялап келе жатат. Азыр бурят элинин баатырдык эпосун чыгарып, аны эки тилге которуп, пикирлерди камтып, нотасын түшүрүп чоң эмгектин үстүндө иштеп жатышыптыр.
Мындай жолугушуулардын натыйжасында Кыргызстан менен Россиянын аспиранттары, магистрлери жана илимий кызматкерлери бири-биринен практика өтүүгө, тажырыйба топтоого, талаа изилдөөлөрүнө катышууга мүмкүндүк алат. Эки тараптын кызыкчылыгы бирдей каралышы керек. Аталган илимий жайдын Археология жана этнография институтунда биздин белгилүү этнограф, археологдорубуз окуп, кандидаттыгын жакташкан. Институттун жетекчилиги менен кеңешип, кайсы багытта кызматташууга болору ортого салынды. Эки тарап тең жылуу кабыл алып, алар да "Манас" улуттук академиясы менен иштешүүгө жакшы пикирин билдиришти.
Биздин манас айтуучулардын музыкалуулугун нотага салуу маселеси көптөн бери карала элек. Буга чейин Саякбай Каралаевдин, Молдобасан Мусулманкуловдун жана Актан Тыныбековдун айтуучулук кырааты белгилүү музыка таануучу Виктор Виноградов тарабынан изилдөөгө алынып, айрым бир эпизоддору нотага түшүрүлгөн. Бүгүн бизде андай адис жок. Бул маселеге көңүл да бурула элек. Ушундай илидөөлөргө кызыкдарбыз. 2015-жылдан бери фольклор жаатында элдик оозеки чыгармачылыкка изилдөө жүргүзүлүп, экспедициялар уюштурулган эмес. Аны алып жүргөн адамдар түбөлүк тура бербейт да. Эс тутумундагы чыгармаларды кагазга түшүрүп, шарты келгенде жарыкка чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар. Биз былтыртан бери ушундай талаа изилдөөлөрүн жүргүзүүдөбүз. Алгач манасчыларды кыдырдык. Быйыл "Эр Табылды" эпосуна байланыштуу жер-суу аттарына басым жасап, аларды сүрөткө тартып, анын тарыхыйлыгын көрсөтүүгө далалат кылып маалымат топтодук.
Аталган форумдан эртерээк чыгып, илим-изилдөө институттары менен байланышып, ушуларды талкуулоого аракет жасадым. Форум абдан чоң масштабда болду. Чет элдиктерди кошкондо 60тан ашык илимий мекемелердин өкүлдөрү катышты. Кыргызстандан Борис Ельцин атындагы КРСУнун ректору жана мен катыштым. Бул форумда Сибирь элдеринин эле эмес, ага чектеш элдердин да тарыхын изилдөө, этнографиясын, археологиясын колго алуу маселелери козголду. Биздин буга түздөн-түз тиешебиз бар. Анткени кыргыздар Сибирден ооп келгенбиз. Ал маселе да айтылды. Кыргыз каганаты, кыргыз улуу доору, кыргыздардын акыркы эл башкарган кандары, бийлери жана Сибирь калктарынын элдик оозеки чыгармачылыгынын маданиятка кошкон салымы тууралуу маселелер козголду. Биздин манасчылардын ыргагын иликтеп, аны нотага түшүрүүгө даяр, дарамети бийик окумуштууга жолугууну көздөп баргам. Кудайга шүгүр, бар экен. Мындан ары кызматташууну улантуу зарыл. Анан да бизден аспиранттарды, магистрлерди окууга алууга даяр экендигин билгизишти. Жатаканасы бекер, ай сайын стипендия берилет. Шарты абдан жакшы экен.
© Sputnik / Асель СыдыковаТалантаалы Бакчиев: биздин манас айтуучулардын музыкалуулугун нотага салуу маселеси көптөн бери карала элек. Буга чейин Саякбай Каралаевдин, Молдобасан Мусулманкуловдун жана Актан Тыныбековдун айтуучулук кырааты белгилүү музыка таануучу Виктор Виноградов тарабынан изилдөөгө алынып, айрым бир эпизоддору нотага түшүрүлгөн.
Президент национальной академии Манас Талантаалы Бакчиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2023
Талантаалы Бакчиев: биздин манас айтуучулардын музыкалуулугун нотага салуу маселеси көптөн бери карала элек. Буга чейин Саякбай Каралаевдин, Молдобасан Мусулманкуловдун жана Актан Тыныбековдун айтуучулук кырааты белгилүү музыка таануучу Виктор Виноградов тарабынан изилдөөгө алынып, айрым бир эпизоддору нотага түшүрүлгөн.
— Красноярск шаарында да сүйлөшүүлөр жүрдүбү?
— Бул шаардын эли меймандос келип, чыныгы Сибирь менталитетинде жашайт экен. Ростов мамлекеттик университетинин ректору менен жолугуп, келечекте музыка таануу, этнография, фольклор жаатында эки тараптуу кызматташуу келишимин түздүк. Манасты фольклор катары эле караганга болбойт. Аны музыкалык, математикалык, географиялык багытта да изилдесе болот эле.
Аталган окуу жайда 21-октябрда менин чыгармачылык кечемди уюштуруп беришти. Бул да болсо эпосту жайылтуунун жолу. Конференцияларда манасчылык жана "Манас" эпосу тууралуу айтып бердик. Ал жерге кыргыз диаспорасынын жетекчилиги, Красноярск шаарындагы консулубуз келди. Институттун жамааты жана кызыккан жарандардын баары келип манас укту.
— Манас айтуунун кыраатын нотага түшүрүү боюнча окумуштуулар менен изилдөө иши конкреттүү сүйлөшүлдүбү? Качан кантип изилденет?
— Таанышуудан кийин биргеликте иштей турган илимий маселелер ортого салынды. 2-3 күндүн ичинде баарын ийне-жибине чейин сүйлөштүк. Алар мурда-кийин "Манас" эпосу менен жакындан тааныш болбогонун, таанышууга убакыт керектигин айтты. Мен да бир катар китептерди калтырып, көп маалыматтардын электрондук версиясын жибердим. Алар башка менталитет, маданияттагы адамдар болгондуктан "Манас" эпосу тууралуу алгач кенен түшүнүк алышы керек. Анан кызыгуу жаралышы керек. Биз да мүмкүнчүлүк, шарттарды түзүп берели, аларды бул жакка чакыралы деп турабыз. Манасчылардын айткандарын угузуп, концепциясы менен кошо методдорун да иштеп чыгуу керек.
— Сибирден ооп келгенибизди айтабыз. Жергиликтүүлөр "Манас" эпосу тууралуу кабардарбы?
— "Манас" эпосун жана ал кыргыздыкы экенин билишет. Бирок терең иликтеп, изилдөөгө шарт же кызыгуу болгон эмес. Муну изилдеш керек экен деген ойго келүү үчүн бардык мүмкүнчүлүгүн түзүп берүү керек. Негизи эпосту даңазалоого башка элдин окумуштуусу, бөлөк менталитет да керек. Анткени "колдо бар алтындын баркы жок" дегендей, биз өзүбүз баалабай жүргөн нерсеге башкалар көңүл бурса гана ойлонобуз. Россия илимий фонду өлкөдөгү окуу жайлардын, илимий борборлордун баарын каржылайт. Изилдөө иштери дээрлик ошол фонд аркылуу өтөт. Бизде деле илимий фонд бар, бирок анын мүмкүнчүлүгү азыраак. Жылына болгону 58 миллион сом бөлөт. Ал каражаттын көбүн техникалык илимдер алып кетет, тааныш-билиштик да болорун көргөм. Ошону менен грант гуманитардык илимдерге бөлүнбөй калат. Андыктан биз да россиялык илимий фонд менен иштешсек жакшы болот эле.
© Sputnik / Табылды КадырбековТалантаалы Бакчиев: азыр Британияда "Манас" эпосундагы сөздөрдүн жыштыгын изилдеген окумуштуу бар. Өзү адабият таануучу, фольклорист.
Международная конференция Наследие Манаса и Айтматова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2023
Талантаалы Бакчиев: азыр Британияда "Манас" эпосундагы сөздөрдүн жыштыгын изилдеген окумуштуу бар. Өзү адабият таануучу, фольклорист.
— "Манасты" илимий изилдөөдө жаңычылдыктар барбы?
— Эл аралык алкакта, кудайга шүгүр, изилдөөчүлөр бар. Азыр Британияда "Манас" эпосундагы сөздөрдүн жыштыгын изилдеген окумуштуу бар. Өзү адабият таануучу, фольклорист. Андан тышкары, француз окумуштуусу азыр Бишкекте жашап, манасчылык өнөрдү изилдөөдө. Голландиялык Нинке Ван Дер Хейде азыркы манасчылардын өзгөчөлүктөрүн изилдейт. Германиялык окумуштуу Карл Райхл Жусуп Мамайдын вариантын англис тилине которууда. Ал башка түрк элдеринин да элдик оозеки чыгармачылыгын изилдеп келген. Мындан тышкары, АКШда өзүбүздүн эки окумуштуубуз жашайт. Кытайда кыргыз окумуштуулары Мамбет Турду, Макелек Өмүрбай бар. Булар да өз изилдөөлөрүн жасап жатышат. Жакында эле Пекин шаарында өткөн симпозиумга онлайн катыштым. Анда Кытайда жашаган элдердин үч эпосу оозго алынып, аларды изилдөө багытында эл аралык конференция өттү. Ал Кытайдагы моңгол-калмактардын эпосу "Жаңгар", тибет эл эпосу "Гэсэр" жана кыргыз эпосу "Манас". Эми мурда көп изилденбеген жагдайлар көп. Эпосту транспсихологиялык жактан изилдесек да болор эле. Айтуучунун жана угармандын нейрофизиологиялык жана психологиялык абалын изилдөө өтө маанилүү. Ыйык китептерди, текстерди окуп жатканда, азанды, чиркөөнүн коңгуроосун укканда адамдын психологиясы өзгөрөт. Буддизмде деле ошол. Ар бир адамдын же айтуучунун үнүнүн ыргагында, вибрациясында чоң сыр жатат. Эмнеге адам бирөөнүн үнүн уккусу келет да, кээ бирлердикин уккусу келбейт? Бетховен музыканы вибрация менен кабыл алган. Ал кулагы укпай калган мезгилинде да мыкты сонаталарды жаратканы ошондон. Эмнеге ушул күнгө чейин коомчулук манас угууга куштарланып, ынтызарланып келген? Анткени эпостор сыйкырдуу касиетке ээ. Көмөкөй менен ырдоо деле ошол. Кептин баары вибрацияда жатат. Ошондуктан эпосту ушул жаатта изилдесек абдан жакшы болот эле.
Манас эпосунун басылмалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2023
Манасчы: кыргыз тилчи тажик улутундагы эжейлер Манасты талашып окутуп жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0