Кыргыз кичи футболун негиздеген. Медетбек Букуевдин уулунун маеги

© Фото / предоставлено Нурдином БукуевымМинистрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси, КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу, профессор Медетбек Букуев
Министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси, КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу, профессор Медетбек Букуев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.11.2023
Жазылуу
Элине эмгеги сиңген инсандардын арасында Кыргызстанда кичи футболду негиздеген Медетбек Букуев да бар. Биз алардын эмгегин баалап, келечек муун үчүн айта жүргөнүбүз жакшы.
Sputnik Кыргызстан редакциясынын "Туяк" рубрикасында конокто министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси, КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу, профессор Медетбек Букуевдин уулу, Кыргыз Футбол союзунун башкы катчысы Нурдин Букуев болду. Биз залкар инсандардын өмүрү жана ишмердүүлүгү тууралуу маектештик.
— Атаңыздын балалыгы оор өткөн экен. Атасы каза болуп, түйшүктү эрте тартып калганын билебиз...
— Ооба, балалыгы айыл жергесинде өткөн. Атасы өмүрдөн эрте өтүп кетип, апасы жалгыз өстүрүптүр. Тогуз эркектин экинчиси болгондуктан үйдөгү түйшүктүн көбү агасы экөөнө түшкөн экен. Кичинесинде интернатта да окуптур. Балалыгы кыйынчылык менен өткөндүктөн ал кезге өзү кайрылгысы келбейт, бирок сурап калганда четин чыгарып айтып берет.
Мектепти бүтүргөн соң Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтуна тапшырууга аракет кылганы менен өтпөй калат. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп келип окууга кайрадан тапшырып, анан кабыл алынат. Ага чейин ар кандай кара жумуштарда иштеген.
© Sputnik / Асылбек БактыбековУлуу Нурдин Букуев атасы Медетбек Букуевдин үй-бүлөгө өтө карамдуу ата экендигин айтып берди
Генеральный секретарь Кыргызского футбольного союза Нурдин Букуев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.11.2023
Улуу Нурдин Букуев атасы Медетбек Букуевдин үй-бүлөгө өтө карамдуу ата экендигин айтып берди
— Спорт багытындагы ишмердүүлүгү окууга тапшыргандан кийин башталган экен да...
— Өзүнүн айтымы боюнча, спортко, футболго бала кезинен бери эле жакын экен. Ал кезде Дене тарбия институту абдан барктуу окуу жай болгондуктан баары эле тапшыра алган эмес. Атам да ошол жакта окуп, кесипке ээ болууну кыялданыптыр. Армиядан келген соң өзүнөн кичүү балдар менен окуп калат. Студент кезде апама баш кошуп, бала-чакасы менен батирлеп көчүп жүрсө да окуусун кызыл диплом менен бүтүрөт. Анткени үй-бүлөсүн багуу үчүн ар кандай жумуштарда иштөөгө туура келген. Дароо Москвага аспирантурага тапшырып, кандидаттык ишин жактаган. Ал кезде биз да жанында жашап калдык. Апамдын билими инженер болсо да өз кесиби менен иштебей балдарын карап, жолдошун колдоп, бала бакчада тарбиячы болуп эмгектенди. Ошентип атам 1990-жылы педагогика илимдеринин кандидаттыгын алат. Советтер Союзунун “Торпедо” жана уландар футбол курама командасынын негизинде изилдөөлөрүн жүргүзүп, илимий иш жазган. Профессионалдык деңгээлде футбол ойнобосо да өмүр бою алардын арасында жүргөн. Ошол чөйрөдө иштеген. Өзү да 14 жашка чейинки балдарды спортко даярдоо жаатында изилдөө жүргүзгөн.
— Машыктыруучулукка эмне жаңылык алып келе алды деп ойлойсуз?
— Ал кезде баары фундаменталдык деңгээлде болчу. Азыркы менен салыштыргым келбейт. Анткени биздин учурдун өзгөчөлүктөрү, кыйынчылыктары да башка. Ошентсе да союз кезинде кандидаттыкты жактоо өтө оор болчу. Кийин Бишкекке келгенде Дене тарбия институтунда Футбол жана гандбол кафедрасын башкарып калат. Кол астынан бир топ шакирттер чыкты. Алар футбол эле эмес, башка спорттук багытта да иштеп жүрүшөт. 1995-жылы Юстиция министрлигине Кичи футбол федерациясын каттатып, 1996-жылы ишмердигин баштаган. Ушул тармакты өлкөдө өнүктүрдү. Өзү футболду профессионалдык деңгээлде эмес, сүйүүчүлөр арасында ойночу. Алгач ар кандай мелдештерди, анан шаардын, кийин республикалык деңгээлдеги чемпионаттарды өткөрө баштады. Кыргызстандын кубогун 1995-1998-жылдары уюштурган. Кийин командалар көбөйүп, мелдештердин структурасы да өзгөрүп кетти. Биз да кичинебизден андай мелдештерди уюштурууда атама жардамдашчубуз. Ошол себептен “Кичи футбол – биздин кичүү инибиз” деп тамашалап калабыз. Азыр футзал ар бир короодо ойнолуп, футболго караганда өлкөдө жемишин берүүдө. 1999-жылы Футбол федерациясы Азия биринчилигине Кыргызстан курама командасын жөнөтүп тарыхта калды. Ал кезде болгону 9 эле команда катышкан. Былтыр гана Азия кубогуна жолдомо ала албай калдык. Бирок ага чейин бардык мелдештерине катышып келе жатканбыз. Бул жетишкендиктердин артында атамдын эмгеги турат. Ал кишинин маданият тармагында да жасаган иштери бар. Мисалы, жакында эле Чүй драма театрынын имараттуу болушуна салым кошту.
© Фото / предоставлено Нурдином БукуевымМедетбек Букуев футболду профессионалдык деңгээлде эмес, сүйүүчүлөр арасында ойночу. Алгач ар кандай мелдештерди, анан шаардын, кийин республикалык деңгээлдеги чемпионаттарды өткөрө баштады. Кыргызстандын кубогун 1995-1998-жылдары уюштурган. Сүрөттө: оңдон биринчи
Советник председателя кабинета Министров, заслуженный тренер КР Медетбек Букуев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.11.2023
Медетбек Букуев футболду профессионалдык деңгээлде эмес, сүйүүчүлөр арасында ойночу. Алгач ар кандай мелдештерди, анан шаардын, кийин республикалык деңгээлдеги чемпионаттарды өткөрө баштады. Кыргызстандын кубогун 1995-1998-жылдары уюштурган. Сүрөттө: оңдон биринчи
— Атаңыз педагог катары үйдө кандай тарбия берди?
— Атамдын тарбиясынын натыйжасында иним экөөбүз тең коомдо өз ордубузду таап отурабыз. Биздин окуубуз менен апабыз алектенчү. Катардагы үй-бүлөлөрдөн болдук. Атам интеллигент катары адамдарга мамиле жасоодо, кандай сүйлөө жагынан да дайыма үлгү болуп келген. Ошону көрүп чоңойдук. Бизге улуу муундар өзүнүн жүрүм-туруму, акыл-насааты менен эле кандай болуу керектигин үйрөтүп койгон. Атамдын адамдык дараметине эч качан шек санаган эмесмин. Шаар ичинде атам менен жүргөндө ар кай тармакта иштеген адамдар менен учурашып, сүйлөшүп калчу. Бардык жерде тиешеси бар эле. Суктанчумун. Ошондуктан анын жолун басканга аракеттенип келем. Мен да илимдин кандидаты болдум. Жалгыз иним учурда саламаттыкты сактоо жаатында иштеп, илимдин доктору болду. Мунун баары атабыздын таасири жана жетишкендиги. Кээде иним тууралуу да жакшы сөздөрдү айтып, ыраазычылыгын билдиргендер болот. Албетте, кубанам. Азыр иним үйдө калып, мен улуусу катары бөлүнүп кеткем. Ошол себептен атабыз менен ал көбүрөөк сырдаш. Врач болгондуктан ден соолугун карап турат.
— Атаңыздын мүнөзү кандай, күнүмдүк жашоо-турмушта карманган принциптери барбы?
— Кечиккен адамды жаман көрөт. Биздин коомчулукта бул кадыресе адат катары кабыл алынып калса, ал эми атабызга жат көрүнүш. Ар бир ишти убагында жасаганга аракет кылат. Абдан чынчыл. Алдаганды жаман көрөт. Бирөөгө бир нерсе убада кылса, анын аягына чыкмайынча жаны жай албайт. Өзү көр оокаттын артынан чуркачу эмес. Кайсы мезгил болбосун таң атпай саат 6да туруп, бир чака муздак сууну куюнуп, чайын ичип анан жумушуна жөнөп кетет. Дайыма форманы сактайт.
Жашоодо, коомдо өз ордун табуу маанилүү экен. Анткени коом сени бирде көтөрмөлөсө, бирде басынтып жокко чыгарып салышы мүмкүн.
© Фото / предоставлено Нурдином БукуевымАта-энеме рахмат айтам, себеби жубайым экөөбүз жаш кезде жумуш менен алектендик, анан жаштык кезибиз баланын түйшүгү менен өткөн жок. Чоң атасы менен чоң апасы балдарыбызды карап, койнуна жаткырып эркелетип чоңойтушту
Советник председателя кабинета Министров, заслуженный тренер КР Медетбек Букуев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.11.2023
Ата-энеме рахмат айтам, себеби жубайым экөөбүз жаш кезде жумуш менен алектендик, анан жаштык кезибиз баланын түйшүгү менен өткөн жок. Чоң атасы менен чоң апасы балдарыбызды карап, койнуна жаткырып эркелетип чоңойтушту
— Медетбек Омошевич илим менен алектенгенден тышкары коомдук иштерде да иштеп жүрөт. Үй-бүлөсүнө, балдарына убактысын кандай бөлөт?
— Атамдын жанына отуруп калсак телефону тынбайт. Үйгө барсак да ар дайым киши үзүлбөйт. Анан тамашалап “ата-энебиз менен жай отуруп сүйлөшөлү десек да болбоду” деп калабыз. Киши келгени жакшы. Канча үйгө бут кирсе, ошончо кут кирет эмеспи. Эми азыркы учурда ал кишинин илимий иштерге убактысы жетип жатабы, билбейм. Бирок коомдук иштер менен көп алектенип жүрөт. Жакында Кыргыз футбол союзунун алдында кыргыз футболуна арналган китеп чыкканы жатат. Атам да азыр коомдук иштерден көп бошобойт, бирок четин чыгарып, оюн айтып калат.
— Баласаакпы?
— Кызыгы мурда туугандардын кичине балдарына өтө үйрүлүп, мээримин көп төгө берчү эмес. Өзүнүн неберелери пайда болгондон тарта ушунча баласаак болду. Кээде башына да чыгарып алчу. Азыр неберелери чоңоюп калды. Учурдан пайдаланып ата-энеме рахмат айтам, себеби жубайым экөөбүз жаш кезде жумуш менен алектендик, анан жаштык кезибиз баланын түйшүгү менен өткөн жок. Чоң атасы менен чоң апасы балдарыбызды карап, койнуна жаткырып эркелетип чоңойтушту. Өзгөчө менин балдарымдын тарбиясына чоң салымы бар. Азыр да балдар эс алуу күнү гана бизге келет, калган учурда чоң атасыныкында жашайт. Былтыр жол кырсыгынан улам тун небересинен айрылып калды. Ошол соккудан улам кичине жашоого көз карашы өзгөрүп, күчтөн тайыды. Эми калган неберелерине колунда болгонун берип, мээрим төгүп жатышат. Балдар да чоң атасы менен чоң апасын ардакташат. Андан ашкан бакыт барбы?
© Фото / предоставлено Нурдином БукуевымМинистрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси, КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу, профессор Медетбек Букуев
Советник председателя кабинета Министров, заслуженный тренер КР Медетбек Букуев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.11.2023
Министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси, КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу, профессор Медетбек Букуев
— Апаңыз тууралуу да сурагым келип турат. Үй чарбасы, бала тарбиясы, туугандар менен алака түзүү анын мойнунда болгон окшойт?
— Азыр туугандар менен тойлордо, жакшылыктарда отурганда аялзаты жөнүндө сөз болуп калса атабыз "Жаш кезде сыйлаганым менен анчалык барктачу эмес экенмин. Менин көп ийгиликтеримдин артында апаңар турат. Азыр ага баш ийип калдым" деп ачык айтат. Дайыма күйөөсүн биринчи коюп, алдыга сүрөдү. Бизди бакчага ташып, үй тиричилиги баары апамдын мойнунда эле. Канчалык аракет кылсаң да эненин эмгегин актай албайт экенбиз. Апам абдан акырын сүйлөгөн адам болгону менен көп нерсени чечип коёт.
— Медетбек Омошевич министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси катары иштеп жатат. Мындайда "дос, туугандар" да арбыйт эмеспи…
— Ооба, кыйла көбөйдү. Бул мыйзам ченемдүү нерсе экен. Кайрадан мамилени жаңылагысы келген адамдар болду. Мындайда турмуштук тажрыйбасынан улам, атабыз так, сылык мамиле жасап аларды узатып коёт. Көбү өз көйгөйлөрү менен кайрылат. Арасында жеке кызыкчылыктарын көздөгөндөрү болот.
— Кандайдыр бир өкүтү барбы?
— Кээде апамдын айтуусу боюнча баласы көп болбогонуна, кызы жогуна өкүнүп калат экен. Анан да өзү багып өстүргөн небересинин кетип калганы өкүткө айланды. Чоң жоготуу болду. Бирок андан башка арманы тууралуу укпаптырмын. Мүмкүн андай сөздөрдү ачык сүйлөшпөйттүрбүз. Бирок көңүлүн, маанайын сырттан байкаганга аракет кылабыз.
Атамдын алдыда дагы көп максаттары бар. Азыркы жетишкендиктери акыркылардан эмес экенине терең ишенем.
Каба уулу Кожомкул балбандын чөбөрөсү Орозалы Кожомкулов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2023
Кожомкул атамдын кийимдерин миллиондорго да бербейт элем. Чөбөрөсүнүн маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0