8-ноябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүЖамгырдуу аба-ырайы. Архивдик сүрөт
Жамгырдуу аба-ырайы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.11.2023
Жазылуу
8-ноябрга караган түнү республиканын айрым жерлеринде жаан, бийик тоолорунда кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Шаршембиде Ош, Жалал-Абад, Баткендин айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +17...+22, Талас жергесинде +14...+19, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +18...+23, Ысык-Көл жана Нарын аймагында +10...+15 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү борбор калаа Бишкекте +20...+22, ал эми Ош шаарында +21...+23 градуска чейин жетет.
Суунун өчүрүлүшү. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.11.2023
9-ноябрда Бишкектин бир катар аймактарында ичүүчү суу болбойт. Даректер
Жаңылыктар түрмөгү
0