9-ноябрда Бишкектин бир катар аймактарында ичүүчү суу болбойт. Даректер

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүСуунун өчүрүлүшү. Архивдик сүрөт
Суунун өчүрүлүшү. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.11.2023
Жазылуу
"Бишкек суу канал" жашоочуларга сууну камдап алууну эскертти.
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. 9-ноябрда Бишкектин бир катар бөлүктөрүндө ичүүчү таза суу болбойт. Бул тууралуу "Бишкек суу канал" ишканасы маалымдады.
Билдирмеге ылайык, бул күнү саат 9:00дөн 21:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы, өнөр жай мекемелеринде суу берүү токтотулат. Бул "Батыш-2" суу топтомосун жана шаардык суу түтүк тармактарын оңдоо иштерине байланыштуу.
Суу төмөнкү даректерде болбойт:
Ала-Арча суусу — темир жол — Жибек Жолу проспекти — Жаш гвардия бульвары;
Жаш гвардия бульвары — темир жол — Фрунзе көчөсү — Манас проспекти;
Ала-Арча суусу — Чүй көчөсү — Дэн Сяопин көчөсү — Осташков — Дмитров — Москва — Асаналиев көчөлөрү;
"Бишкек суу канал" жашоочуларга ичүүчү сууну камдап алууну эскертет.
Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун директору, география илимдеринин доктору, профессор Догдурбек Чонтоев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.07.2023
Радио
Чонтоев: калк арасында суу колдонуу маданиятын жогорулатуу зарыл
Жаңылыктар түрмөгү
0