Кыргызстандын тоолорунан жаракат алган россиялык турист куткарылды

ӨКМдин тик учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.11.2023
Жазылуу
Турист медициналык тиешелүү жардам алуу үчүн ооруканага жаткырылган.
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. 8-ноябрда Ала-Арча капчыгайындагы "Рацек" чокусунан россиялык турист куткарылганын ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлады.
“4300 метр бийиктиктеги "Рацек" чокусуна чыгуу учурунда жабыркаган 41 жаштагы альпинист-туристти ӨКМге караштуу Авиациялык издеп-куткаруу кызматынын учкучтары жергиликтүү туристтик компаниянын кызматкерлери менен куткарышты. Альпинисттер чет өлкөлүк жаранды тик учак коно ала тургандай деңиз деңгээлинен 3900 метрге бийиктикке алып түшкөн”, — деп айтылат маалыматта.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине туристти тез арада эвакуациялоо зарыл экендиги тууралуу маалымат берген. Компания жабырлануучуга медициналык жардам керектигин билдирип, куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн тик учак бөлүп берүүнү өтүнүп Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кат менен кайрылган.
Россиянын жараны А.Г. 7-ноябрь күнү саат 11:10до деңиз деңгээлинен 4300 метр бийиктикте жайгашкан Рацек чокусуна чыгып баратканда бутунан жаракат алган.
Туристке медициналык тиешелүү жардам көрсөтүү үчүн ооруканага жаткырылганын кошумчалады.
Жылына 50 миң турист келген Каракол паркына үч тилде маалымат такталары илинди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2023
Жылына 50 миң турист келген Каракол паркына үч тилде маалымат такталары илинди
Жаңылыктар түрмөгү
0