Байге фонду 1 млн. сом. Бишкекте республикалык айтыш өтөт

Комуз кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2023
Жазылуу
Айтыштын финалы 27-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 18:00дө башталмакчы.
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Бишкекте Кыргыз ССРинин эл артисти, төкмө акын Калык Акы уулунун 140 жылдык мааракесине арналган төкмө акындардын республикалык айтышы өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Иш-чараны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, “Манас” театры, Жумгал райондук мамлекеттик администрациясы президенттин “Улуттук нарк жөнүндөгү” жарлыгынын алкагында уюштурууда.

"Айтыштын тандоо туру 15-ноябрда саат 10:00дө Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваторияда болот. Ал эми финалы 27-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 18:00дө башталат", — деп жазылат билдирмеде.

Айтыштын байге фонду 1 000 000 сом.
Калык Акиев — Токтогул, Бекназар, Эсенаман, Эшмамбет, Жаңыбайдан таалим алган, Аксы тараптан Жеңижок, Ныязаалыны көрүп өскөн, Эшмамбеттин үнүнүн тембрине, төгүп ырдашына суктанган, калк арасында кара жаак атанган акын. Ал 1883-жылы Тянь-Шань волостунун Жумгал уездине караган Кулжыгач айылында туулган. Акын Кыргыз мамлекеттик филармониясында билим алып, Петр Шубин башкарган эл аспаптар оркестринде жеке өзү күү черткен, айтышка түшкөн. 1936-жылы Москва шаарында өткөн элдик таланттардын бүткүл союздук олимпиадасына, 1939-жылы ошол эле шаардагы кыргыз адабияты менен көркөм өнөрүнүн биринчи декадасына катышкан. "Курманбек", "Жаныш-Байыш", "Карач дөө", "Ак Мөөр", "Карагул ботом" сыяктуу элдик дастандарды, "Ач карышкыр", "Өлбөс баатыр" деген жомокторду, "Залзала", "Үркүн", "Бир асыл", "Болот менен Тынар" сыяктуу поэмаларды комуздун коштоосунда, ар бирин өз обону, ыргагы менен чебер аткарган. Ошондой эле кара сөз түрүндө "Баскан жол" чыгармасын өз колу менен жазып чыккан.
Асмандан ыр келет деп ойлоп... Акын Асылбек Маратовдун видеомаеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2023
Асмандан ыр келет деп ойлоп... Акын Асылбек Маратовдун видеомаеги
Жаңылыктар түрмөгү
0